Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Адвокат: Айдар Акаев жүрөк оорудан каза болгон


Айдар Акаев, Кыргызстандын биринчи президентинин уулу.
Айдар Акаев, Кыргызстандын биринчи президентинин уулу.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов анын өлүмүнө байланыштуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. 30-октябрда жактоочу билдирүү таратып, расмий экспертизанын жыйынтыгында Айдар Акаев жүрөк оорусунан каза тапканы жазылганын, кандайдыр бир башка таасир болбогонун айтты. Адвокат Айдардын өлүмү тууралуу кабарларды «тогуз айдан кийин атайын таратылып жаткан калп, каралоо жана мыйзамсыз аракет» деп баалады.

Соңку бир нече күндөн бери Интернетте Айдар Акаев алкоголдук ичимдиктерге жана баңгизаттарга ууланып каза болгону тууралуу кабарлар жарыяланып жатат.

43 жаштагы Айдар Акаев быйыл 6-февралга караган түнү Москвада каза болгон. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөнү кабарланган.

Айдар Акаев атасы бийликте турган кезде Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, финансы министринин кеңешчиси болгон жана ишкерлик менен алектенген.

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кетип, Москвада жашап жүргөн. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG