Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Бишкекте бийликти колдогон антимитинг өттү


Бийликти колдогон митинг. 15.05.2021
Бийликти колдогон митинг. 15.05.2021

15-майда Бишкектеги эски аянтта бийликти колдогон митинг өттү. Чогулгандар элди президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого үндөп, бейөкмөт уюмдарга жана оппозицияга каршы пикирлерин айтышты. Ошондой эле башка митингдерге жол бербөөгө чакырык ташталды.

Эски аянтка чогулгандар “элдик кошуун” деген жазуусу бар кийим менен жүрүштү. Уюштуруучулардын айтымында, тынч митингге облустардан келгендер катышты.

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөр президент Садыр Жапаровдун акыркы чечимдерин кубаттай турганын айтып жатышты. Алар бийликти сындагандардын митинг өткөрүшүнө каршы экенин билдиришип, мындай процесстер "өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудура турганын" жүйө келтиришти.

Таластан келген элдик кошуундун жетекчиси Анарбек Моңолбаев мындай деди.

“Кыргызстандын келечеги үчүн жети дубандан чогулдук. Мындан кийин митинг кылганга жол берилбейт. Аны уюштурганды мыйзам чегинде жазалайбыз. Бул коркутуу эмес. Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Мына Баш мыйзам жаңыланып, Кыргызстан келечекке чечкиндүү кадам таштады. 6 миллион эл Садыр Жапаровду колдошу керек”.

Бийликти колдогон митинг. 15.05.2021
Бийликти колдогон митинг. 15.05.2021

Бир саатка созулган митингде негизинен ушундай ойлор айтылды. Акцияга милиция кызматкерлери көз салып турду.

“Эл биримдиги” уюмунун төрөгасы Темирболот Кыштообаев элдин көйгөйүн митинг уюштурбай эле чечүүнү сунуштады.

“Көчөдө эч нерсе чечилбейт. Саясаттын өз маданияты бар. Ар бир көйгөй үчүн көчөгө чыкпай, тегерек үстөл өткөрүп чечсе болот. “Эл биримдиги” уюму ушундай иштерди алып барат. Садыр Жапаров чечкиндүү кадамдарга барып жаткандан кийин, биз аны колдошубуз керек. Ушуга чейин кайсы президент Кумтөр маселесин көтөрдү эле? Биз элди ынтымакка чакырыбыз”.

Бул антимитинг кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин жана бийлик Кумтөр кенин иштеткен компанияны доого жыккан учурда өттү.

Чек арадагы Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адамдын өмүрүн алган окуяны кыргыз бийлиги “өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуя” катары баалаган.

Бирок өлкө жарандары жаңжалды “Тажикстандын агрессиясы” катары таанууга чакырган.

Бийликти колдоп митингге чогулгандар. 15.05.2021
Бийликти колдоп митингге чогулгандар. 15.05.2021

Ал эми “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамга президент Садыр Жапаров 14-майда кол койду.

Ал эми Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия шаршембиде компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 млрд. 252 млн. доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Кумтөрдү “Кыргызстандын пайдасына иштетүү” жана аны миллиарддаган доллар айыпка жыккан бийликтин кадамдарын колдогондор да, анын жыйынтыгы кендин ишин токтотуп койбойбу деп да чочулагандар да бар.

4-майда Канаданын жана Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери Кумтөр кенине байланыштуу биргелешкен билдирүү таратып, бул чечимдерге камтамачылыгын билдирген.

Кумтөрдү иштетип жаткан "Центерра" компаниясы эл аралык сотко кайрыла турганын эскертти. Мындан тышкары кенде иштеген чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков бийликтин кенге байланыштуу кадамдарын жалпы эл колдоого алышы керек деп эсептейт.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

“Кумтөр кенине байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын чечими элге жагып жатат. 15-майда эски аянтка чогулгандар да “эми баштаган ишиңерди аягына чыгаргыла, аны биз колдоп жатабыз” деген ойдо турушту. Анткени өлкө ичинде ынтымак болбосо, башка мамлекеттер бизди кодулайт. Мамлекет башчысы элге таянып, мүдөөсүн аткарышы керек”.

Садыр Жапаровду колдогон мындай митинг быйыл 28-апрелде да болгон. Жүздөн ашык киши катышкан иш-чара Бишкектеги “Өчпөс оттун” жанында уюштурулган. Чогулгандардын айтымында, акцияга Кыргызстандын бардык облустарынан өкүлдөр келген.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бул көрүнүштү сындап, "азыркы бийлик колдоо митинги менен коргонууга муктажбы?" деген собол узатты.

“15-майда өткөн митингдерге каршы митинг символикалуу түр көрсөтүү менен бийликти коргоо аракети болду. Бул иш-чара уюшулганын байкап турабыз. Спорттук дене түзүлүштөгү балдар жөн-жай эле чогулган жок. Менимче, мунун баары ашыкча. Бийликке нааразы пикирди ого бетер күчтөндүрүп койду. Азыркы бийлик сын айткандардан коркпошу керек. Анткени дүрбөлөң салып азыркы бийликти оодарууга элди мобилизация кылган саясий күч жок. Бийлик андан көрө мамлекеттеги өзгөчө курч маселелер боюнча туура чечимдерди кабыл алышы керек. Бул антимитинг өткөрүүгө караганда чындап иштеп атканын көрсөткөн күчтүү аргумент болмок”.

Коомдук активист Руслан Акматбек бийлик митингдерди тыйбай, тескерисинче көйгөйдү чечүү жолдорун караштырса деген пикирде.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Бийлик мындай жасалма митингдерди жарандык коомго сес көрсөтүү максатында уюштурду. “Менин да колдоочуларым бар, мен деле митинг уюштура алам” деген ишарат болду. Бийлик митинг кылгандар менен күрөшпөй, ага себеп болгон социалдык-саясий маселелерди чечүү жолун сунуш кылса болот эле. Турмуш жакшы болсо эл эмнеге митингге чыкмак эле?”.

Буга чейин иштеп келген Баш мыйзамда «Тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт» деп жазылган.

Ошондой эле уюштуруучулар менен ага катышкандар чогулуш өткөрүү тууралуу билдирүү бербей эле чогулуп жана анын мөөнөтү сакталбаса, эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.

5-майда күчүнө кирген жаңы Баш мыйзамда деле айрым сөздөр гана өзгөргөнү болбосо жалпы мааниси ушундай. Болгону аягына «Тынчтык чогулуштарын уюштуруу жана өткөрүү мыйзам менен аныкталат» деп белгиленген.

Айрым активисттер келечекте мыйзам тынч митинг-пикеттерди, ар кандай акцияларга тыюу салууга курал болот деген чочулоосун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG