Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Бийликтин казиного байланыштуу пикири өзгөрдү


Президент Садыр Жапаров 26-апрелде коомчулукта кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдорун дагы билдирди. Ал бул жолу кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштады.

Бийлик бул кадамын экономиканы көтөрүү, бюджетти толтуруу аракети менен түшүндүрүүдө. Буга чейин “Манас”, “Ош” аэропортторуна жана Ысык-Көл, Баткен облусунун аймактарына кумаркана ачуу сунушталып келген. Бирок кумарканалардын ачылышына каршы чыккан тараптар да бар.

Президент Садыр Жапаров депутаттар кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын, ага кошумча өлкөнүн аймактарынын борборунда жана Бишкекте кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушун киргизерин айтты.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Мен президенттик аппаратка Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү айттым, өлкөнүн бардык жагында ачылсын. Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда ачылсын деп жатам. Казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп келген. “Бизге отметка кылгыла, баланча миллион доллар алып келгиле” дешкен, бирок кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтышып, макул болбогондон кийин бир сап мыйзам менен ишин тыйып салышкан. Мен азыр мыйзамга "Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт" деп киргизгиле деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”.

Президенттин бул пикирин коомчулук сын менен кабыл алды. Социалдык тармактар аркылуу бийликтин дарегине сын жаады. Бир нече белгилүү инсандар бул коомдогу адеп-ахлак маселесине терс таасир этерин эскертишти. Мындан улам 27-апрелде Садыр Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачууга уруксат берген мыйзамга вето коюуга даяр экенин билдиргени маалым болду.

“Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл облусунун аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр”, - деп жазылган президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева президенттин кумарканалар боюнча оюнан кайтканы тууралуу мындай деди.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

“Президент кээ бир депутаттар акча сурагандыктан кумарканалар жабылды деген сөзүн айтты. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты катары ачык айтайын, кумарканаларды энелердин көз жашын көргөндөн кийин жапканбыз. Миңдеген жаштар кумар оюнунун айынан өз жанын кыйгандыктан ошол кадамга барганбыз. Бул маселеде чыр чыгарын билип туруп, иним Садыр Жапаровго кайрылуу жасадым. Бүгүн анын оюнан кайткан себеби, терең анализ, сурамжылоо, мониторинг жасабай туруп, бирөө сунуш берсе эле шарт колдоп жатканы. Айланасына мурдагы президенттерди аңга түрткөндөр топтолуп алып адаштырып жатат”.

Жогорку Кеңеште өткөн жумада биринчи окууда талаш-тартыш менен колдоо тапкан мыйзам долбоору боюнча Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун аймагына гана кумарканалар ачылмак.

Президенттин билдирүүсүнөн кийин экинчи окууда кошумча сунуштар карала турганын мыйзамдын авторлорунун бири депутат Бактыбек Турускулов билдирди.

“Мурдагы мыйзам менен салыштырмалуу бул мыйзамдын жоопкерчилиги, уюштуруу иши, инвестициялык салымы асман менен жердей. Мурун казино деп имаратты ача салып, үстөлдү коюп ойной берген да. Барган жарандарыбыз, каражат, унаа, үйүн уттуруп жиберип сызга отуруп калышчу. Мамлекет сактаган эмес. Азыркы мыйзамда жакшы нормалар бар. Мисалы, Кыргызстандын жарандары ойной албайт. Кыргызстандын башка аймактарына да ачуу сунушун карап көрөбүз”.

Кумарканаларды кайрадан ачуу боюнча мыйзамдын авторлору жана президент Садыр Жапаров казиного кыргыз жарандарынын киришине тыюу салынып, ал коркунуч жоюларын билдирүүдө.

Жарандык активист Элдар Шабданов "Кыргызстандын жарандары кумарканаларга киргизилбейт" деген убада мыйзамды өткөрүп алуу үчүн элди алдоо деген пикирде.

“Кыргыз жарандары кирбейт деп жатпайбы, ойнойм деп келген киши эбин таап кирет. Кумарга берилген киши үйүн сатат, кредитке коюп салат. Жүз миң доллар алып келген киши айлыгы аз милицияга миң доллар берсе киргизип жиберет. Кыргыз жарандарын текшерген органдар да пара алат. Кумар ойногон кишинин үй-бүлөсү ажырашып, тагдыры талкаланат. Кумаркана ачылган жерге криминал, баңгизат, сойкулук, арам акчаны адалдоо өзүнөн-өзү агып барат”.

Кыргызстанда бир канча митинг-пикеттерден кийин 2012-жылдын 1-январынан тарта кумарканалардын жана оюн автоматтардын иштешине тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Кумарканалардын жабылышы оюнга берилип кеткен жарандар, алардын үй-бүлөсү социалдык маселелерге кабылып жатканы менен негизделген.

Учурда пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы кейиштүү абалда. Бюджеттин тартыштыгы өткөн жылы 30 миллиард сомго жетти. Кыргыз бийлиги кумарканалардан түшкөн салык экономиканын бир тешигин бүтөйт деп үмүт артууда.

Президент Садыр Жапаров кумарканалар жабылган жылдары миллиарддаган сом бюджетке түшпөй калганын, бюджетти толтуруу үчүн кайра ачыш керек экенин айтууда.

“Экономиканы өзүңөр көрүп турасыңар. Эңшерилген, итке минген экономика менен алып отурам. Биз ар кандай жолдорду издеп, бюджетти толтурушубуз керек. Болбосо пенсия, жөлөк пул, тышкы карызды бере албайбыз”.

Экономика жана каржы министрлиги 2012-жылы кумарканалардын иштөөсүнө тыюу салынган мезгилде Кыргызстанда 17 казино иш алып барып, тармакта 11-15 миң адам иштегенин билдирген. Бюджетке жыл сайын 400-600 миллион сомдун тегерегинде салык түшүп турган.

Саясий ишмер Жеңиш Молдокматов кумарканаларды ачуу менен мамлекеттик бюджетти толтурабыз деген көз карашка кошулбайт.

“Кумарканалар элге социалдык, руханий жактан сокку болгондуктан жабылган. Садыр Жапаров экономиканы көтөрүүнүн, бюджетти толтуруунун бирден-бир булагы деп жатпайбы. Бул президентте мамлекетти өнүктүрүү, бюджетти толтуруу боюнча көз караш, план жок экенин аныктап турат”.

Кумарканаларды ачууну жактагандар ансыз деле көмүскө иштеп жатканын айтышууда.

Экономика жана каржы министрлигинин өкүлү Кубан Айдаралиев кумарканалар Кыргызстанда жабылганда, капитал коңшу Казакстанга агылганын айтууда. Министрликтин маалыматы боюнча 2012-жылдан бери укук коргоо органдары жыл сайын бир-эки жашыруун иштеп жаткан кумаркананы табат.

“Алматынын Капчыгай деген жеринде казинолор бар. Ал жерде Кыргызстанда кумаркана иштеткен адамдар иштеп жатат. ЕАЭБге кирген мамлекеттердин бардыгында онлайн дагы, офлайн дагы кумарканалар бар. Дүйнө жүзү боюнча 127 мамлекетте анын ичинде Малайзия сыяктуу мусулман өлкөлөрдө да иштөөдө. Кыргызстанда кумарканалар жабылды деген менен көмүскө иштегендер бар экени эч кимге жашыруун эмес. 2012-жылдан бери жыл сайын бир-эки факты аныкталат”.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Исхак Масалиев кумарканалардын иштөөсүнө тыюу салынганы менен алар көмүскө иш алып барып жатканын айтты. Ал жашыруун иштеген кумарканалардын пайдасын криминал жана аларды коргогон укук коргоо органдары көрүп жатат дейт.

“Жергиликтүү салыкка кошумча болот. Мен салык кызматын жетектегенде Бишкек шаарына жылына 400 миллион сомдой түшчү. Тыюу салгандан бери жашыруун иштеп жатпайбы. Анын пайдасын криминалдык элементтер, погон тагынгандар көрүп жатпайбы. Маселе оңой эмес. Бирок, бюджетти толтурууга чоң таасир бере турган тармак эмес. Мыйзамдын негизинде жети мейманкана курулат, мындай критерийлер болот деп жазылып жатпайбы, менин оюмча бул конкреттүү бир долбоор үчүн түзүлгөн мыйзам болуп жатат”.

Ал эми коомчулукта кумарканалардын ачылышы кооптуу деп, бийликти сындагандар да бар. Саясат талдоочу Руслан Акматбек мыйзамды идеалдуу кылып жазган менен реалдуу жашоодо ал иштебейт деген ойдо.

“Бизге окшогон жакыр, мыйзам иштебеген өлкөдө кумаркана ачуу өтө опурталдуу, тобекелдик көп. Өзгөчө криминал байырлаган Ысык-Көлдө мындай нерсенин кесепети, коомго зыяны чоң болот. Кандай мамлекетте жашайбыз, мыйзам кандай иштейт, билебиз да. Кумаркана ачса эле акча агып келчүдөй сезилип жатат, андай болбойт. 2012-жылы көмүскөдө мыйзамсыз көп иш жасалганы үчүн жаптык да. Бул катаны кайра кайталоонун эмне кажети бар эле такыр түшүнбөйм”.

Кумарканаларга тыюу салынгандан кийин кумар оюндары оюн автоматтары аркылуу букмекердик жана тотализатордук кеңселерге көчкөн. Андан соң парламент аталган мекемелердин ишмердигине дагы тыюу салган. Кумарканалар жабылгандан кийин аны кайра ачуу аракети 2015-жылы да болгон.

Анда мыйзамды Экономика министрлиги демилегелеп чыгып, бирок аягына чыккан эмес. Азыркы мыйзам боюнча көмүскө казино жана оюн автоматтарын иштеткендер беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG