Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Сулайманов: Кумаркананы органдын адамдары калкалайт


Алтынбек Суйлайманов.
Алтынбек Суйлайманов.

Бардык көмүскө иштеп жаткан кумарканаларды күч органдарынын адамдары калкалап турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Анын айтымында, тыюу салынганына карабай иштеп жаткан кумарканалардын артында чоң күчтөр, текшерген органдар өздөрү турат.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары айтып жүрүшөт.

13-майда Ош шаарында журналисттер «DeLuxe» мейманканасынын бир капталында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартууга барышкан. Ошол учурда «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков, «Нур» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу аталган жайдын кызматкерлеринен ыдык көрүшкөн.

Мейманкананын бурчунда кумаркана бар экенин журналисттерге кумар ойноп, акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энеси кайрылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG