Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Милиция: «DeLuxe» жайы боюнча арыздар буга чейин да түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, 2018-жылы милиция кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары сегиз жайды аныктаган. Алардын арасында 13-майда журналисттер барып тарткан «DeLuxe» жайы «жашыруун кумарканаларды уюштуруу» боюнча эки ирет шектүү катары катталган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

- Булардын үстүнөн сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Бирок көз каранды эмес экспертиза «бул кумаркана эмес, автоматтык оюндарды ойното турган залдар» деген мазмундагы корутунду чыгарып берип, натыйжада кылмыш иши кыскартылып, иш сотко жетпей калган. Быйыл да ушундай факт катталган. Биринчиси боюнча экспертиза «кумаркана эмес» деген жыйынтык чыгарып берген, экинчиси боюнча 18-мартта катталып, ошол эле экспертизанын корутундусун күтүп жатканбыз. Тескерисинче, кумаркана ойнотуп жатат деген жайлардын ээси же кызматкерлери милицияга каршы «ишкерликти өнүктүрүүгө жолтоо болуп жатат, кызматтык укуктарынан аша чапты» деп көзөмөл органдарына арызданышкан.

Ош шаарында журналисттер «DeLuxe» мейманканасынын бир капталында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартууга барышкан. Бул тууралуу аларга кумар ойноп ири акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энеси кайрылган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG