Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Ошто кумаркана деп айтылган эки клуб боюнча соттук териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2018-жылдын январь айынан бери шаардагы кумар оюндары ойнотулганы кеп болгон тогуз жайды аныктаган. Ал жайлар боюнча бир нече жолу тергөө иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын маалыматына караганда, төмөнкү жайлар кумаркана катары шек саналууда:

Супаналиев көчөсүндөгү «Прадо» оюн-зоок клубу;

(шаардык стадиондун жанында) Раимбеков көчөсүндөгү «Мейгранд» оюн-зоок клубу;

Ленин көчөсүндөгү «Бархан» оюн-зоок клубу;

Масалиев көчөсүндөгү «Азык-Ордо» дүкөнүнүн жер төлөсүндөгү оюн-зоок клубу;

«Анар» кичи шаарчасындагы «Миллион» супер маркетине улай жайгашкан оюн-зоок клубу;

Масалиев проспектиси менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок клубу;

Навои көчөсүндөгү «DeLuxe» мейманканасынын имаратына улай жайгашкан оюн-зоок клубу;

Райимбеков көчөсүндөгү «Тадж-Махал» мейманканасында жайгашкан оюн-зоок клубу;

Ленин көчөсүндө жайгашкан «Таш-Рабат» универмагына улай жайгашкан оюн-зоок клубу.

Учурда булардын ичинен «DeLuxe» жана «Прадо» клубдарынын үстүнөн сотко чейинки тергөө амалдары кайрадан жүрүп жатат. 2018-жылдын январынан бери «Прадо» оюн-зоок клубунун үстүнөн эки ирет «көмүскө кумарканаларды уюштурууга» шектүү катары иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок, атайын экспертизанын «кумар оюндарын камтыган белгилер жок» деген корутундусунан улам иш кыскартылган.

Милиция «Прадо» оюн-зоок клубун үчүнчү ирет көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары каттап, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүнү баштады. Клубдун ишмердигин аныкташ үчүн атайын экспертиза дайындалды.

Ал эми «DeLuxe» оюн-зоок клубу 2018-жылы эки ирет кумар оюндарын уюштурууга шектүү катары каралып, атайын экспертизанын «кумар оюндарын ойноткон белгилер жок» деген корутундусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылып, иш жабылган. Быйыл 18-марттан тарта «Делюкс» клубу кумар оюндарын ойнотууга шек саналып, үчүнчү жолу иликтөө иштери башталган. Клубдун кумар оюндарын ойнотуп жатканы 13-май күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан төртүнчү ирет айтылды. Клубдун ишмердигин аныктоо жана далилдөө үчүн кайрадан соттук экспертиза дайындалып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шаар милициясы калган жети оюн-зоок клубу жабылганын билдирди. 13-майда Ош шаарында журналисттер «DeLuxe» мейманканасынын бир капталында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартууга барышкан. Ошол учурда «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков, «Нур» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу аталган жайдын кызматкерлеринен ыдык көрүшкөн. Мейманкананын бурчунда кумаркана бар экенин журналисттерге кумар ойноп, акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энеси айтып, кайрылган. (MdN/TSh)

XS
SM
MD
LG