Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Зулпукаров: Кумаркана ээлери эч кимди укпай калды


Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мүчөсү, депутаты Төрөбай Зулпукаров 16-майдагы парламент жыйынында тыюу салган мыйзамга карабай иштеп келаткан кумарканалардын маселесин көтөрдү. Ал кумарканаларга лицензия берген, алардын иштешине шарт түзүп жаткан, ири суммасын уттуруп жабыркагандар болгонуна карабай «кумаркана эмес» деп корутунду чыгарган эксперттердин жүзүн ачып көрсөтүүгө чакырды:

- Кечээ эле Ошто күбө болдук, Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп жатсак, төртүнчү бийлик деген журналисттер көтөрүп жатса, аларды элдин көзүнчө сабап жатса - аларды калкалагандар ким экенин билеличи? «Бул кумаркана эмес» деп корутунду чыгарып жаткан «баатырлардын», аларга лицензия берген мекеменин (лицензияны Юстиция министрлиги берет. – ред.) жүзүн көрөлүчү? Болбосо аны толук токтотуп коюуга өкмөттүн күчү жетет. Булар же президентти, же Жогорку Кеңешти, же төртүнчү бийликти укпаса кимди угат?

13-майда Ош шаарында журналисттер «DeLuxe» мейманканасынын бир капталында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартууга барышкан. Ошол учурда «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков, «Нур» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу аталган жайдын кызматкерлеринен ыдык көрүшкөн.

Кыргызстанда 2011-жылы кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ага байланыштуу казинолор, оюн автоматтары жана башка кумар оюндарын уюштурган жайлар расмий түрдө жабылган. Ага карабай кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, укук коргоочулар айтып жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG