Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо акциясы өттү


Бишкек. Жеңиш аянты. 2021-жылдын 28-апрели.

Бишкекте бүгүн 28-апрелде президент Садыр Жапаровго колдоосун билдиргендердин акциясы өттү. Иш-чара Жеңиш аянтындагы "Өчпөс оттун" жанында уюштурулуп, ага жүздөн ашуун адам катышты.

Уюштуруучулар акцияга Кыргызстандын бардык облустарынан өкүлдөр келгенин билдиришти.

Мамлекет башчысынын саясатын колдоп чыккандар митинг-пикеттерге, бейөкмөт уюмдарга, оппозицияга каршылыгын билдирип, Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшүн, жүргүзүп жаткан саясатын кубаттарын айтышты.

Активист Бакай Кашкарбаев өз сөзүндө Ак үйдүн тосмосу алынганы менен ичинде эл менен бийликти бөлүп турган тосмо дагы эле бар экенин белгилеп, президентти курчап тургандар аны “аңга сүйрөп баратканын” айтты:

Бакай Кашкарбаев.
Бакай Кашкарбаев.

“Дагы деле ичиндеги тосмо кулай элек, иштеп жатат. Азыр сизди курчап турган кишилер сизди түз эле аңга сүйрөп баратат. Бир бутуңуз аңга түштү, урматтуу Садыр Нуркожоевич. Алар кайсы система болбосун, жашай беришет. Алардын колунда бар, эртең экономикалык кризис келсе алар эч нерсе болбойт. Бирок сизге үмүтүн байлаган жөнөкөй адамдарга жашоо кыйын болуп калат. Өзүңүз элиңиздин бетин карай албай каласыз. Кептин баары кадрда болуп жатат. Биз көрүп, угуп, бирок жеткире албай жатабыз. Кылам деген реформаларыңызды жаныңызга жакшы кеңешчилерди алып кыла бериңиз. Кыргыз эли сизден көңүлү сууй элек. Дагы да үмүтүбүз үзүлө элек”.

Садыр Жапаров быйыл январда өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 79,2 процентин алып, мамлекет башчылыкка келген.

27-апрелде АКИpress агенттигине курган маегинде ал мурда өлкөнү башкарууда тартип болбогонун, эч ким жоопкерчиликти өзүнө албай, чечим кабыл албай келгенин, эми жаңы Конституция боюнча президент жана өкмөт бирге иштеп, чечимдер тез кабыл алынып турарын, реформалар башталарын айткан жана өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүүлөр болбой турганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG