Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин байбичеси каза болду


Бексултан Жакиев жана Сабира Турсункулова.
Бексултан Жакиев жана Сабира Турсункулова.

Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулова бүгүн, 27-апрелде каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Сабира Турсункулова ардактуу эс алууга чыкканча аталган министрликтин экономика бөлүмүндө эмгектенген.

Кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын алпы Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жашында дүйнө салган.

26-апрелде маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган эле.

Жубайы Сабира Турсункулова менен 65 жыл чогуу өмүр сүрүп, эки уул, бир кызды тарбиялашкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG