Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Перс булуңундагы АКШ жана Ирандын кемелери катышкан окуя тууралуу расмий кабар берилди


Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун кайыктары ушул айдын башында Перс булуңунда АКШнын Аскер деңиз күчтөрүнүн эки кемесине кол салган. Бул тууралуу 27-апрелде АКШнын Аскер деңиз күчтөрү кабарлашты.

2-апрелде орун алган окуяда эч ким жабыркаган эмес. Бул күнү Вашингтон менен Тегеран Ирандын өзөктүк келишими боюнча Венеда сүйлөшүүлөрдү жандантарын жарыялашкан эле. Ал учурда деңизде болгон “инцидент” боюнча ачык маалымат берилген эмес.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Ирандын тез жүрүүчү катери жана бир кемеси Перс булуңунда өз миссиясын аткарып жүргөн эки америкалык кемени курчап, кысууга аракет кылган. Мындан соң америкалык кемелер түз кагылышуудан качуу үчүн коргонуучу маневрларын жасоого аргасыз болгону кабарланды.

Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун кайыктары буга чейин бир нече жолу Перс булуңунда америкалык кемелерге жакындаганы кабарланган.

Иран менен АКШнын мамилеси начар. Вашингтон Ирандын өзөктүк программасынан улам санкцияларды салган. Эки өлкөдөн тышкары дүйнөнүн дагы беш державасы катышкан Өзөктүк келишимге 2015-жылы кол коюлган. Ага ылайык, Иран уранды байытууну 3,67 пайыздан өткөрбөөгө милдеттенме алган. Ал эми АКШ баш болгон өлкөлөр Тегеранга салынган санкцияларды жеңилдете баштаган. Бирок 2018-жылы бул келишимден Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен соң Иран уранды байытууну жандантканын жарыялаган.

АКШда быйыл жыл башында президент болгон Жо Байден бул келишимге кайтып келүү каалоосун билдирген. Бул максатта ушул айдын башынан бери Венада сүйлөшүүлөр уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG