Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Кытайдын космос кемеси Марска конду


Кытайдын "Tianwen-1" деп аталган аппараты менен сүрөткө алынган Марс.
Кытайдын "Tianwen-1" деп аталган аппараты менен сүрөткө алынган Марс.

Кытайдын улуттук космос башкармалыгы өлкө тарыхында биринчи жолу өз аппаратын башка планетага кондурганын кабарлады.

"Тяньвэнь-1" аппаратынын модулу Марстын түштүк жарым шарындагы Утопия чөлүнө 15-майда конгон.

Аппараттын бортундагы алты дөңгөлөктүү, 240 килограммдык "Чжужун" марсоходу планетада Марстын убактысы менен 90, Жердин убактысы менен санаганда 92 күн иштейт.

Марсоход эки оптикалык жана бир мультиспектрлик камера, метеостанция, кыртышты анализдөөчү аппарат, георадар жана магнитометр менен жабдылган. Аппарат күндүн нуру менен кубатталып, Жер менен орбитада үч жыл иштей турган зонд аркылуу байланышат.

Кытай дүйнөдө башка планетаны чалгындаган үчүнчү өлкө болуп калды. 1970-жылы Советтер Союзу "Венера-7" аппаратын Чолпон (Венера) планетасына, АКШ 1976-жылы Марска "Викинг-1" аппаратын кондурган.

Марска ушул жылдын февраль айында АКШнын "Персеверанс" аппараты да конгон. Орусия Советтер Союзу кыйрагандан бери башка планеталарды чалгындоо ишин жүргүзгөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG