Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

COVID-19: Бир күндө 224 жаңы учур катталды, 8 адам көз жумду


Кыргызстандагы ооруканалардын биринде. 29-август. 2020-жыл.
Кыргызстандагы ооруканалардын биринде. 29-август. 2020-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 16-майда 224 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды.

Алардын ичинен:
Бишкекте -150
Ош шаарында -3
Чүй облусунда - 41
Ош облусунда - 2
Талас облусунда - 2
Нарын облусунда - 6
Ысык-Көл облусунда - 18
Жалал-Абад облусунда - 2.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын расмий саны 100 473 адамга жетти. 93 602 адам илдетти жеңип, сакайып кетти.

16-майга карата коронавирус илдетинен 8 адам көз жумду. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан көз жумгандардын саны 1703 адамга жетти.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG