Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Кумтөрдүн Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргөнү кабарланды


Кумтөр ишканасы.
Кумтөр ишканасы.

Бүгүн, 15-майда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Бишкектеги кеңсесинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Кактус" басылмасы тинтүү жүргөн учурда Кумтөр кенинин ишин иликтеген мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да жүргөнүн жазды.

Аталган комиссиянын мүчөсү Айнуру Алтыбаева тинтүү тууралуу маалыматы жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын басма сөз катчысы Мирлан Кимсанов да тинтүү тууралуу кабары жок экенин айтып, маалыматты ырастаган жок.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы маалымат дүйшөмбү күнү берилерин гана билдирди.

6-майда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компанини” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда "Центерра Голд" компаниясы билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга каршы келерин, "Кумтөр" мыйзамдарды бузбаганын билдирген. Ал эми анын түзүүчүсү “Центерра Голд” жалдаган юридикалык компания кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө 45 күн убакыт берип, бул аралыкта тараптар бир пикирге келе албаса, эл аралык арбитражга даттана турганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 26%. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG