Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Өткөн жылы 158 миң аял эне болду


"Баатыр Эне" ордени.
"Баатыр Эне" ордени.

2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду. Биринчи жолу эне болгондордун курагы орто эсеп менен 23 жашты түзүп, алар Ош шаарында, Ош, Баткен жана Талас облустарында жашашат. Аялдардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу, ал эми 35 пайызга жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Төрөт үйүндөгү ымыркайлар.
Төрөт үйүндөгү ымыркайлар.

Маалыматта былтыр мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайганы тууралуу жазылган. Ага ылайык, 2020-жылы 1436 эгиз жана 14 үч эм төрөлсө 2019-жылы - 1575 эгиз, 26 үч эм төрөлгөн.

2021-жылдын 1-январына карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанда 3 миллион 343 миң аял жашайт. Бул жалпы калктын 50,4% түзөт.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп белгиленип келет. Бул жарлыкка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG