Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

СПИД борбору: Өлкөдө 10 644 адам ВИЧ инфекциясына чалдыккан


Бишкектеги лабораториялардын бири, 2018-жыл.
Бишкектеги лабораториялардын бири, 2018-жыл.

Жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИДден көз жумгандар эскерилет.

Кыргызстандагы СПИД борборунун быйыл 1-майга карата берген маалыматына ылайык, өлкөдө 10 644 адам ВИЧ инфекциясына чалдыккан. Алардын ичинен 10 059 адам - Кыргызстандын жараны. Оорудан 2311 адам көз жумган.

СПИД борбору тараткан маалыматта илдетке текшерилүүнүн зарылчылыгы тууралуу белгиленген:

"Бул күнү СПИДден көз жумгандарды эскерүү гана эмес, ар бир адамга бул оору тууралуу кенен маалымат алып, өзүнүн саламаттыгына жоопкерчилигин сезүүсүнө мүмкүнчүлүк берилет. Бүгүнкү күнү ВИЧ айыкпас дарт эмес, өз убагында аныкталган илдетти көзөмөлгө алуу менен адам өмүрүн сактап калууга болот. Ошондуктан, өз өмүрүн сактоону каалаган ар бир жаран бүгүнтөн калбай, ВИЧ/СПИДге текшерилип коюшу керек".

2019-жылы жалпы дүйнө жүзүндө ВИЧ/СПИДден 690 000ден ашуун адам көз жумган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG