Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Израилдин аткылоосунан эл аралык басылмалар жайгашкан имарат кыйрады


Эл аралык басылмалар жайгашкан имаратты аткылоо учуру. Газа тилкеси. 15-май. 2021-жыл.
Эл аралык басылмалар жайгашкан имаратты аткылоо учуру. Газа тилкеси. 15-май. 2021-жыл.

Газа тилкесиндеги эл аралык маалымат каражаттары - "Associated Press" (AP) жана "Al-Jazeera" жайгашкан имарат талкаланды. Израил аскерлери бул имаратта ХАМАСтын атайын кызматы жайгашып, ал эми басылмалар алар үчүн "тирүүлөй калканч" болгон үчүн аткыланды деп түшүндүрүүдө.

Маалыматта чабуул тууралуу бир саат мурун кабарланып, журналисттердин эвакуацияланышына мүмкүнчүлүк берилгени жазылган.

Басылмалар жайгашкан 12 кабаттуу имаратка эки ракета атылган. "Associated Press" бул имараттын акыркы кабатында 15 жылдан бери иштеп келе жаткан. Редакциянын онлайн камерасы ХАМАСтын согушкерлери тарабынан атылган ар бир ракетаны күнү-түнү көрсөтүп турган.

"Al-Jazeera" аткылоого чейинки тасманы көрсөттү. Анда имараттын ээси телефон аркылуу Израилдин аскер кызматкеринен төрт журналистке камераларын алып чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп жатканы, өтүнүчүн израилдик офицер четке какканы көрсөтүлгөн. Компаниянын алып баруучусу канал Газадагы окуяларды чагылдырууну уланта берерин жарыялады.

"Al-Jazeera" телекомпаниясын Катар өкмөтү каржылайт. Айрым эксперттер Катарды ХАМАСтын демөөрчүсү деп шектенишет.

AP агенттигинин башы директору Гэри Прюитт окуяны "эң дүрбөлөңдүү" деп сыпаттады. Анын билдирүүсүндө дүйнө мындан ары Газадагы окуялар тууралуу кенен маалымат ала албай калары белгиленет.

"Израил аскерлери биздин бюро жана башка маалымат каражаттары жайгашкан имаратты аткылаганына ушунчалык таң калдык", деди Прюитт.

AP агенттигинин маалыматы боюнча, Израил тараптан атылган ракеталардан качкындар лагериндеги он чакты адам, көпчүлүгү балдар набыт болгон.

10-майдан бери ХАМАС Израил тарапка эки миңден ашуун ракета жиберген. Ага жооп кылып ЦАХАЛ абадан, деңизден жана жерден чабуул коюуда. Бул аралыкта Газа тилкесинде 139 адам өлдү, анын 39у бала жана 22си аял. Израилде аткылоодон сегиз адам өлдү.

13-май күнү ХАМАС келишүүнү өтүнгөн. Израил ага жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG