Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Газа тилкесинде тынчтык орнотууга чакырган митингдер өттү


Бомбалоодон кыйраган үйлөрүнүн ордуна келген палестиндиктер. Газа тилкеси. 14-май, 2021.
Бомбалоодон кыйраган үйлөрүнүн ордуна келген палестиндиктер. Газа тилкеси. 14-май, 2021.

15-майда Европанын жана Түндүк Американын айрым шаарларында Газа тилкесиндеги атышууну токтотууга чакырган демонстрациялар болду.

Газада тынчтык орнотуу талабы менен митингдер Берлин, Париж, Лондон, Мадрид жана башка чакан шаарларда, АКШнын Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон жана Лос-Анжелес шаарларында өттү.

Лондондогу митингдин катышуучулары "Газаны бомбалоо токтотулсун" деген жазуусу бар плакаттарды кармап, "Эркин Палестина" деп чакырык ташташты. Алар Гайд-Парктан Израил элчилигине чейин жүрүш жасашты.

Парижде полиция жүрүшкө салынган тыюуну бузганы үчүн 3000 чамалуу демонстрантты суу менен аткылап, жаш чыгаруучу газ менен токтотушту. Шаар бийлиги жүрүшкө 2014-жылкыдай кагылышуу чыгып кетпөөсү үчүн алдын ала тыюу салган.

Берлинде полиция коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү бузганы үчүн демонстранттарды кууп таратты. Жүрүштүн катышуучулары "Израилге бойкот" деп кыйкырышты.

Нью-Йорктун Бруклин районунда эки миңдей адам чогулуп, "Эркин Палестинга боштондук" деп кыйкырышты. Ушундай эле митингдер Бостондо жана Вашингтондо өттү.
Канадада бир нече миң киши Израилди эл аралык укукту бузду деп айыпташты.

Бул аралыкта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "палестин согушкерлерин аткылоо канча талап кылынса ошончо убакка созуларын" билдирди. Ал Израилдин ХАМАСка каршы согуштук кампаниясын "адилет кампания" деп атады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш Палестинада жай тургундар арасында өлүм көп болуп жатканына кабатырлыгын билдирди. 15-майда АКШнын президенти Жо Байден Израил менен Палестиндин лидерлерин тынчтыкка чакырган сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Иерусалимдеги Ал-Акса мечитиндеги кагылышуудан кийин ХАМАС Израилди аткылаган. Израил ага жооп кылып, абадан, деңизден жана жерден баштаган чабуулун токтотпой келет.
Расмий маалыматтар боюнча аткылоодон Газа тилкесинде кеминде 145 адам набыт болду. Анын ичинде балдар менен аялдар да бар.

Израилде 10 адам өлгөнү кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG