Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Токтогул: Суу астында калган айылдар


Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1972-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген.

Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1972-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген. Ошондо кирпич завод менен аэропорт суу алдында калган. Ал кезде мүрзөлөрдөгу 10 миңге чукул сөөктү кайра көмүшкөнү менен, алардын бир бөлүгүн таштоого аргасыз болушкан.

Учурда ГЭСтеги суу азайып, айрым эски курулуштардын фундаменти тышка чыгып калды. Көл алдында калган айылдын жашоочулары учурда Көтөрмө айылында жашап жатышат. Ошол маалда өкмөт бир топ убадалар менен элди башка жакка көчүрүп, ал убадалар 60 жылдан кийин да аткарылган эмес.

Тууганбек Сыдырбаев 64 жашта. Ал 15 жашында көл алдында калган айылдан Көтөрмөгө көчүп чыккан миндеген адамдардын бири. ГЭСтеги суунун тартылганы Тууганбек аксакалдын балалыгын эске салды. 48 жыл мурдагы жер алдында калган үйүнүн жерпайын көрүп, кубанганын жашыра алган жок. Дал ушул фундамент турган жайда каарманыбыз ата-энеси жана төрт бир тууганы менен жашаган.

Тууганбек Сыдырбаев
Тууганбек Сыдырбаев

“Чын эле! Бул менин үйүмдүн пайдубалы го! Бул көчөдө биздин гана үйдүн пайдубалы цементтен болчу. Үйдүн эки бөлмөсү дүкөн болсо, эки бөлмөсүндө биз жашачубуз. Абдан кубанып турам, 48 жылдан кийин өзүм баскан жерлерди кайра басып жүрөм”.

Тууганбек Сыдырбаев чоңойгон бул айыл 60 жыл мурун көрктүү эле. Мектеп, кино зал, аэропорт жана балдар ойногон бөксөө адырлар болгон. Кийин ГЭСтин курулушу менен айылдын орду мемиреген көлгө айланды.

Суу алдынан чыгып калган мал сарайдын жерпайлары
Суу алдынан чыгып калган мал сарайдын жерпайлары

“Бул устундар турган мал сарай болчу. Менин үйүмдүн алдында чоң мотор бар эле. Ал жерден күнүнө 6 саат свет берилип турчу. Андан бир аз жогору тарапта биз кино көрчүбүз. Азыр көл турган жердин ортосунда мектеп бар эле. Эркин ойноп жүргөн балдарды бир күнү эле "айылынарды таштап көчүп кеткиле" десе, жаман болот экенсиң. Ошондо өкмөт свет бекер болот, таза суу, социалдык мекемелер менен камсыздап беребиз дешкен. Бирок биз көчүп чыккан, тагыраагы азыр жашап жаткан Көтөрмөдө да таза суу жок”.

Токтогул ГЭСин куруу үчүн ошол учурдагы өкмөт жергиликтүүлөрдү башка жерге көчүрүү аракетин баштаганда тракторист Тыныбек Сейдиев 16 жашта болчу. Айылдан көчүп жаткан элдин жүгүн Какыр-Сайга жеткирүү Тыныбек атанын милдети эле. Азыр 74 жаштагы ата балалыгы өткөн айылын сагынат.

Тыныбек Сейдиев
Тыныбек Сейдиев

“Тогузунчу класста эле трактор айдай баштадым. Айылды көчүрүүдө менин да эмгегим зор. Айылдаштарымдын жүгүн ташып азыркы Көтөрмө айылына алып келгенмин. Менин да балалыгым көлдүн алдында калган Бөкөмбай колхозунда өттү. Ал жерде сугат жерлер көп болчу, азыркы жашап жаткан айылымда 6 сотых жерде жашап калдык. Көлдөн чыкканда бизге салып берген үйлөрдүн чатыры шиферден болду. Ал эми көлдө калган үйлөрүбүз топурактан эле. Бизге кредит берген, ошол акчаны жакында эле араң төлөп кутулдук”.

Көтөрмө айылына 1968-жылдары Ак-Чийден алгачкы көчүп чыккан төрт үй-бүлөнүн бири - Жылкыбай Жусуповдун бүлөсү. Алар көчүп келген бул айылда таза суу, эгин эккенге жер болгон эмес. Мындагылар 3 миң сомдон ссуда алып, үй тургуза баштаган. Айылдагы окшош болгон эски үйлөр 1970-жылдары салынган тамдар.

Жылкыбай Жусупов
Жылкыбай Жусупов

“Көтөрмөгө биринчилерден болуп көчүп келгенбиз. Ссуда берген эле. Ал да акчалай эмес, турак жайга керек болгон материалдар менен берилген. Кийин эгин эккенге жер берилди. Биз жашаган аймакта тамдар жаман болчу, бул жакка келгенде азыркы турган үйлөр укмуш көрүнгөн эле. Алган ссудаларды төлөш кыйын болду. Анткени бул айылда жер жок, иш жок, жада калса тамак-аш да тартыш эле”.

Токтогул: суу астында калган айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:57 0:00

Азыркы Көтөрмө айылында белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1972-жылы жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде «Көчө» кинокартинасын тартууга киришип, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын таланттуу актёрлору катышкан. Ал тасма Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушун, элеттиктердин кылык-жоругун чагылдырат.

Көтөрмө айылына ошол кезде жаңы эле келин болуп келген Токтош Кабылбекова да бул тасманын тартылганына күбө болгон.

Көтөрмө айылы
Көтөрмө айылы

“Тасма тартылып жатканда айыл элинин баарын ээрчип алып көрчүбүз. Эң кызыгы ошол учурда эң бай тиш дарыгердин эки кабаттуу үйү азыр да бар. Жумадылов тасмада корозду көтөрүп алып чуркап бара жатканда жамгыр жаайт го, ошол учурда бочкадан эле суу чачып турган. Биз кинону чыдамсыздык менен күткөнбүз. Айылыбыз ошентип тасмада жана тарыхта калды”.

Токтогул суу сактагычы курулганга чейин бул өрөөндө 25 айылдын эли жашаган. Алардын бардыгы башка аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми көлдөн көчүп чыккандардын бир бөлүгү Көтөрмө айылында жашап жатат.

Токтогул көлү
Токтогул көлү

Мында 350 кожолукта 2 миңге чукул адам жашайт.

Токтогул суу сактагычындагы суу кескин азайып, “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда суунун көлөмү 9,3 миллиард кубметрди түзөт.

Суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард кубметрге жетет. Эгер суунун көлөмүнүн минималдык деңгээли 5,5 миллиарддан төмөн түшсө ГЭСке чоң коркунуч жаралат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG