Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Баткен: Чек арадагы Кара-Токой айылына ФАП курула баштады


Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салуу иш-чарасы. 16-май, 2021-жыл.
Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салуу иш-чарасы. 16-май, 2021-жыл.

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токой айылында жаңы Фельдшер-акушердик пункттун (ФАП) курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул бейтапканада стоматология, гинекология, жугуштуу жана жүрөк ооруларын кароо бөлүмдөрү болот. Заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо каралган. ФАПтын курулушунун баасы 2,8 млн. сом деп эсептелип, каражатты “Ассанабил” кайрымдуулук фонду бөлүп берген.

Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох (анклав) районунун айылдары менен чектешет. Мурунку ФАП 1962-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Ал айылда миңден ашуун адам жашайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG