Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Түркиялык ишкерлер Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар


Кыргызстан менен Түркиянын туулары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Түркиянын туулары. Иллюстрациялык сүрөт.

16-майда Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) жетекчиси Рыфат Хисаржыклыоглу жетектеген делегация Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолукту.
Анда Улукбек Марипов кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди.

«Бүгүнкү күндө республика жетекчилигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат. Тилекке каршы, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын реалдуу мүмкүнчүлүгүнө дал келбейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр ириде биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруусу керек».

Ал эми Рыфат Хисаржыкоглу жетектеген делегация келечекте өлкөдөгү кичи жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жаатында кызматташууга даяр экендигин маалымдады.

Түркиялык ишкерлер 14-майда президент Садыр Жапаров жана айрым министрлер менен жолугушкан.

Түрк делегациясынын курамында айыл чарба, текстил жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо-кен өндүрүү жана курулуш тармактарындагы ири компаниялардын жетекчилери келишти.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына ылайык 2019-жылга карата Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 519.2 миллион долларга соода жүргүзүлгөн. 2020-жылдын ноябрь айына чейин бул сан 449 миллион долларга жеткен. (ElB/ZKo)

XS
SM
MD
LG