Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Комиссия: 1997-жылдан бери Кумтөрдө 61 кырсык катталып, 19 адамдын өмүрү кыйылды


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Кумтөр алтын кенинде 1997-жылдан бери 19 адам каза болду. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында сүйлөп жатып компаниянын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 1997-жылдан бери кенде 61 кырсык катталган, 47 адам жараат алып, 19у каза болгон.

"Кумтөр Голд" компаниясы депутаттын бул билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG