Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан тең үчтөн адам кармалып турат


Чек арадагы Ак-Сай айылы.
Чек арадагы Ак-Сай айылы.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев маалымдады.

"Ак-Сай айылында Тажикстандын үч жаранын Кыргызстандын аймагындагы жолдо бара жатканда биздин атуулдар кармап алышыптыр. Ошол эле мезгилде тажик тарап дагы Тамдыктан Ворух менен келе жаткан Кыргызстандын үч жаранын кармап алышты. Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Укук коргоо органдары жана чек арачылар ошол жерде иштеп жатышат. Жарандарды чек арачылар кармаганбы же жергиликтүү айылдын элиби, кайсы документтердин негизинде кармап турушат, ушул суроолордун баарын териштирип жатабыз".

Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Эркин Жолчиев да бул кабарды "Азаттыкка" ырастап, кыргызстандык жарандар Тамдыктан жайлоого "Портер" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен баратканда тажикстандыктар кармаганын айтты.

Тажикстандын Исфара районундагы тартип коргоо кызматкери эки тараптан кишилер кармалып турганын “Озоди” радиосуна ырастады. Анын айтымында, 17-майда эртең менен Кожайло-Ворух жолу аркылуу бараткан эки тажик жараны кыргыз айылында кармалган жана аларды бошотуу үчүн барган тажикстандык бир коопсуздук кызматкери да кармалган. Аны улай Ворухтагы укук коргоо кызматкери анклавдан өтүп өтүп бара жаткан кыргызстандык эки айдоочуну автоунаасы менен кармашкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG