Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Депутат Рыскелди Момбеков "Кумтөрдү" улутташтырууну сунуш кылды


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Кумтөр алтын кениндеги ишмердикти текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Kумтөр Голд» ишканасын улутташтырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 17-майда парламентте Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйында сүйлөп жатып айтты:

«Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак "кысалы". Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып, калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да».

Рыскелди Момбеков комиссиянын мүчөсү катары кабыл алынган токтом долбоорун колдоп кол коюп бергенин, бирок өзгөчө пикирин билдиргенин кошумчалады.

Мамлекеттик комиссия министрлер кабинетине Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун берди.

Ошондой эле укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага кенге байланыштуу буга чейин жетишилген келишимдерге кол койгон, аларга катышкан мурдагы президенттерге, премьер-министрлер менен тиешелүү жетекчилерге юридикалык баа берүү сунушталды.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев да Кумтөр кенин улутташтырууну сунуштады.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG