Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

«Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк кызматын тапшырганын билдирди


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» директорлор кеңешине 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Быйыл май айында бул кызматка кайра тандалган.

Ушул тапта кыргыз тараптан директорлор кеңешинде Дүйшөн Касенов жана Нурлан Кыштообаев иштеп жатышат.

«Центерра» ишканасынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Кеңешке мүчөлөр жыл сайын май айында шайланып турат.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG