Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Актан Арым Кубат Ысык-Көлдө жаңы тасма тарта баштады


Жаңы тасманы тартуу учуру
Жаңы тасманы тартуу учуру

Режиссер, сценарист Актан Арым Кубат Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында 15-майдан тартып "Эсимде" аттуу толук метраждуу көркөм тасма тартып жатат. Бул тууралуу Кинематографтар департаменти маалымат таратты.

"Эсимде" тасмасында Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде тентип жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, селсаяк болуп калган жеринен таап, өз айылына алып келет.

Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат өзү аткарууда. Уулу Кубаттын ролунда режиссердун өз уулу - Мирлан Абдыкалыков. Ата-уул режиссердун атактуу "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" трилогияларында да башкы каармандардын ролун аткарышкан.

Анар Назаркулов, Таалайкан Абазова, Назым Мендебаиров да "Эсимде" тасмасындагы башкы актерлордон болушмакчы.

Тасма качан тартылып бүтөрү айтылган жок.

Актан Арым Кубаттын "Свет аке", "Кентавр" тасмалары эл аралык, жергиликтүү кинофестивалдарда байгелүү орундарды алган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG