Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Өкмөткө Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушталды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө кенге убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча концессиясынын күчүн токтотууну жана “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуш кылып жатат:

“Мамлекеттик комиссия 1992, 2003, 2009 жана 2017-жылдары Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт, мамлекеттик суверенитетти бузууга багытталган, Кыргызстандын расмий өкүлдөрү коррупциялык мотивдер менен кабыл алынган деп эсептейт. Мамлекеттик комиссия “Кумтөр оперейтинг компани” боюнча 2013-жылы Жогорку Кеңештин токтомдорун аткаруу багытында кыргыз өкмөтүнүн 2013-2020-жылдардагы ишин натыйжасыз жана Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбейт деп табат”.

Концессия – инвесторго мүлктү, жерди жана анын ички казнасын убактылуу пайдаланууга берүү менен ээлик кылуу ишинин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө уруксат берүү.

“Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинде концессионердин иши элдин жашоо турмушуна жана ден соолугуна же экологияга реалдуу коркунуч келтирсе, ал ошол коркунучту четтетүү үчүн зарыл чара көрүү боюнча талапты аткарбаса өкмөт анын административдик-чарбалык ишине кийлигише алары жазылган.

“Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону 14-майда белгилүү болгон.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG