Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Алтынбек Сулайманов: “Кумтөрдү” жаап, биз да, алар да иштетпешибиз керек


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кумтөр” ишканасын жаап, алтын казып алууну токтотуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат Кумтөрдү иштетүүдөн Кыргызстан пайда көрбөгөнүн, өкмөт соттошсо айласыздан сүйлөшүүгө барарын, кенди өз алдынча иштетсе жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келген топтор пайда болорун, экология талкаланарын айтып, инновация, билим жолун тандаса, “жашыл экономикага” өтсө дүйнөнүн колдоосун табарын белгиледи:

“Биз “Кумтөрдү” жаап салышыбыз керек. Такыр иштетпешибиз керек. Биз да, алар да. Отуз жылда биздин тапкан пайдабыз 1,7 миллиард экен. Зыян 5 миллиардга жакын деп көрсөтүп жатасыздар. Ошонун 50% алганыбызда деле чыгымдын ордун толтура албайт экенбиз. Демек биз зыян тартып жатыптырбыз да. Эч кандай пайдасы жок экен да”.

Жогорку Кеңеште бүгүн Кумтөрдүн тегерегинде түзүлгөн кырдаал талкууланууда.

6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG