Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Ак-Сайдын айрым тургундары обладминистрация алдына чогулду


Баткен району.
Баткен району.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасы жайгашкан Ак-Сай айылынын бир нече тургуну бүгүн, 17-майда түштөн кийин Баткен шаарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдына чогулушту.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова кабарлады.

"Бүгүнкү окуядан чочуп калган бир нече аял администрация имаратынын алдына чогулуп, кооптонуусун айтып жатышат. Алар менен облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө".

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн 17-майда эртең менен бул айылдан үч тажик жаранын кармашкан.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Баткен жана Согд облустарынын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кармалган эки өлкөнүн жарандары алмаштырылган.

Тажикстан тарап кармаган Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жарааты менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилген. Ички иштер министрлиги азыркы тапта чек арадагы Ак-Сай айылында абал тынч экенин кабарлоодо.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG