Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Депутаттын уулу дагы бир адамды сүзүп кетти


Бишкек шаары. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Бишкек шаары. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун буга чейин үч кишинин өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына себепкер уулу Азамат Бишкекте дагы бир адамды сүзүп кеткени белгилүү болду. Жараат алган кыз ооруканага түшкөн. Милиция Азамат Өмүркулов рулду кызуу болуп башкарып жүргөнүн билдирди. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ)15-майда Бишкектин түштүгүндө катталган жол кырсыгына парламент депутаты Иса Өмүркуловдун уулу катышканын расмий тастыктады. Маалыматка ылайык, депутаттын баласы унаасын кызуу болуп башкарып бара жаткан.

Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев бул окуяга байланыштуу тергеп-иликтөө башталганын билдирди:

“15-майда кечки саат 22:30 чамасында "Порше Пономера" машинесинин айдоочусу Бишкектин Масалиев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө солго бурулуп жатканда жөө адамдар өтчү өтмөктөн 28 жаштагы кызды уруп кеткен. Текшерүүлөрдүн натыйжасында айдоочу спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 297-берене ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынды”.

Айдоочунун машинеси ошол күнү эле милициянын айып аянтчасына токтотулган. Ал эми кырсыктан жабыркаган кыз Бишкек шаардык ооруканасында дарыланып жатат. Милициянын маалыматына караганда, кыздын абалы туруктуу, оор жаракат алган эмес.

Бишкек шаарынын Нурсултан аттуу тургуну бул окуяга күбө болгон жана милиция менен "Тез жардам" кызматына кабар берген:

“Мен ошол күнү кечинде сейилдеп паркка чыккам. Жанымдан велосичедчен кыз өтүп кеткен. Көп узабай эле аны Масалиев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө бурулган машина ыргыта сүздү. Мен чуркап бардым. Кыз буту, башы ооруп жатканын айтты. Биринчи "Тез жардам" кызматына, андан кийин милицияга чалдым. Кырсыкка кабылган кызды оордунан жылбай турушун айттым. Айдоочу болсо көпкө чейин машинесинен чыкпай, телефондон ар кимге чалып жатты. Анын кызуу экени көрүнүп эле турду. Машинесинин номуру Орусияныкы экен”.

Нурсултандын айтымында, кырсыктан жабыркаган кызды "Тез жардам" алып кеткен соң, патрулдук милиция окуяга болгон жерге келген.

“Айдоочунун жакындары келип калды. Алар милиция менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатышты. Чогулгандар айдоочу Иса Өмүркуловдун баласы экенин айтып жатышты. Ал жерден Айтегин деген бала экөөбүз киши сүзүп кеткен машинени милиция айып аянтчасына алып барганга чейин аркасынан калбай ээрчип жүрдүк”, - деди Нурсултан.

Окуя болгон күндөн тартып социалдык тармактарда жол кырсыгына себепкер болгон депутаттын уулун айыптап, сындаган билдирүүлөр байма-бай жазылды. Азамат Өмүркулов өзү азырынча үн ката элек.

Анын атасы, депутат Иса Өмүркулов “Спутник” агенттигине комментарий берип жатып, уулу бул жол кырсыгына катышканын ырастады:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

“Баары жакшы. Эч кимди тепселеп, сүзүп кеткен жок. Мага жеткен маалыматтарга караганда, уулум жол чырактын жашыл белгиси өчөрдө солго бурулган. Бул учурда велосипед тепкен киши жөө адамдар баскан чийинден өтүп кетүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында уулумдун унаасы велосипеддин канатына тийген. Эч ким ал жерден качып кеткен жок. Дагы бир жолу жол кырсык чакан эле болгонун кайталап коёюн", — деген.

Иса Өмүркуловдун уулунун бул иши 10 жыл мурдагы кандуу жол кырсыгын эске салды.

Азамат Өмүркулов 2011-жылы үч адамдын өлүмүн алган жол кырсыгына да себепкер болуп, сот жообуна тартылган. Сөз болуп жаткан окуя Бишкектин четиндеги айланма жолдо катталган. Ишти караган Токмок шаардык соту айыпталуучуга карата жабыркагандардын доосу жоктугун негиз кылып ишти токтотуп койгон.

Бул иш коомчулуктун кызуу сынына кабылган соң, Жогорку сот кайра карап Азамат Өмүркулов жети жылга кесип, эки жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу эркинен ажыраткан болчу. Бул кезде Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп турган.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, айрыкча аткаминерлердин балдары мындай окуяларда жоопкерчиликтен качып кетип жатканын белгиледи.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Бир киши кылмыш жасап, бирок ага жаза албаса анда мындай иш кайра кайталанарын көрдүк десек болот. 15-майда болгон кырсык буга далил. Бул жалгыз эле Иса Өмүркуловдун баласы гана эмес. Башкача айтканда, “чоңдун” балдары өзүм билемдик кылып, “атам куткарып коет” деген тушүнүк менен жүрүшөт. Аларга карата коомдун көзөмөлү күчөгөнү менен укук коргоо органдары аларды жоопкерчиликке тартуу аракети болбой жатканы өкүндүрөт”.

Парламент депутатынын баласы аралашкан бул окуя жалгыз эмес. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, депутат Алиярбек Абжалиевдин баласы Темирлан Токобеков төрт кишинин өмүрүн алган автокырсыкка катыштыгы бар экени маалым. Токобеков отурган автоунаа Ысык-Көлдө башка унаа менен кагышып, төрт адам каза болгон.

Маркумдардын жакындары "Азаттык" радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети болуп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматты четке каккан болчу. Кийин тараптар өз ара келишип алганы тууралуу айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG