Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Жол эрежеси: эки берененин айып пулу азаят


"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары.

Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгы өкмөттүн жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгеси тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, эки берененин негизинде төлөнө турган акча азаят.

Буга чейин айрым айдоочулар айып пулду азайтууну талап кылып нааразылык акциясына да чыгышкан эле.

Өкмөттүн соңку демилгеси талаш-талкууга жем таштады.

Марс Рысбеков Бишкек шаарында бир канча жылдан бери такси айдайт. Ал “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери жол эрежесин бузганы үчүн 21 миң сом айып пул төлөгөн. Айдоочу өкмөттүн айып пулду азайтуу демилгесин колдойт. Анын пикиринде, шаарда айдоочуларды жол эрежесин аргасыз бузууга түрткөн жагдайлар көп:

Марс Рысбеков
Марс Рысбеков

“Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев-Жаш гвардия көчөлөрү кесилишкен жердеги сызык ийри чийилип калган. Бурулуштан чыкканда ал сызыкка дөңгөлөк тийип кетет. Ага үч миң сом айыл пул чыгып келет. Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Горькийге бурула бериште автоунаалардын тыгыны пайда болуп, көчөгө батпай калат. Мындайда сызыкка баары бир тийип кетесиң. Эреже бузбай өтүүгө мүмкүн эмес. Мен айып пулдарды убагында 50% арзандатуу менен 21 миң сом төлөдүм. Айып пулдардын көлөмүн азайтыш керек. Көпчүлүк айдоочулар эрежени камеранын жанынан эле бузбай өткөнү болбосо, камера жок жерде зуулдатып, каршы тилкеде эле айдап жүрүшпөйбү”.

Буга чейин өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүү демилгесин көтөргөн. Аны премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдөгү кымбатчылыктан улам жаралган социалдык-экономикалык каатчылык менен негиздеген.

“Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап жатат. Биз муну туура кабыл алып, президенттин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын айып пулдарын азайтуу ишин жүргүзүп жатабыз. Азыр токтомдун долбоору даярдалууда. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке сунуш беребиз”, -деген Марипов.

Өкмөт башчынын мындай демилгеси коомчулукта талаш-талкуу жаратты. Айрыкча социалдык тармактарда өкмөт азык-түлүктүн баасын арзандаткандын ордуна айып пулду кыскартууну тандап алганын айтып сындагандар көп.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгы айып пулду азайтуу сунушун “Азаттыкка” чечмелеп берди. Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Исаевдин маалымдашынча, Бузуулар кодексиндеги эки берененин айып пулу азаят. Ага ылайык, айдоочулардын белгиленген ылдамдыгынан 20 чакырым сааттан жогору айдаса жана жол белгилеринин талаптарын аткарбаса гана айыптар жеңилдейт.

“Учурда бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө акчанын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган”.

Буга чейин айрым айдоочулар айып пулду азайтууну талап кылып нааразылык акциясына да чыгышкан эле. Чогулгандар жол эрежесин бузгандарга салынган айып пул кыргызстандыктардын чөнтөгүнө туура келбейт деген жүйөнү карманышкан.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Жол коопсуздугу боюнча эксперт Чынара Касмамбетова айып пулду азайтууга барган өкмөттүн мындай сунушун айып пулду чогултуу аракети менен негиздеди.

“Жол эрежесин бузгандарга айып пулду азайтуунун себеби элдин социалдык абалынан башка да администрациялык маселелер болуп жатат. Себеби “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу салынган айыптардын жарымы төлөнө элек. Алардын иши сотко өтүп кетти. Ушундан улам сот тармагынын жүгү да оорлошту. “Коопсуз шаар” долбоорунун иши артка кетпей, дагы уланыш үчүн өкмөт арзандатууга барганы деле туура. Себеби айып пулдар төмөндөгөндө айдоочулардын башка шылтоосу жок болуп калат. Ал эми айып пулдарды азайтуу менен жол кырсыктары көбөйөт дегенге кошулбайм. Анткени кырсыктар башка себептерге да байланат”.

Улукбек Марипов автоунаалардын терезелерин караңгылатып алууга да уруксат берилерин билдирген. Мындай демилге бюджетке киреше алып келүү максатында көтөрүлгөн. Терезени караңгылатуу боюнча да токтомдун долбоору жакында Жогорку Кеңешке жиберилет.

Ошондой эле автоунааны каттоого алууда кызмат баасы 34% төмөндөрү айтылган.

ИИМ жол кырсыгы тууралуу 2021-жылдын алгачкы үч айынын статистикасын чыгара элек. Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкөдө алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 8% чейин төмөн болгон.

Милиция расмий сандар азайды деп көрсөтүп жатканы менен үрөй учурган кырсыктар көп.

Жакында эле Бишкектин четиндеги айланма жолдо Кемин районуна багыт алган "Тез жардам" унаасы кырсыкка учурап, эки адам каза болду.

Ал эми өткөн жылдын этегинде Токмок шаарын айланып өткөн жолдогу кырсыкта сегиз жүргүнчүнүн өмүрү кыйылды. Кант шаарынын тушунда эки машине кагылышып, алты адам ажал тапты.

Айдоочулар коомунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов айыл пулдардын бардык түрлөрүнүн төмөндөшүнө каршы:

Дүйшөналы Токтакунов
Дүйшөналы Токтакунов

“Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылышы керек. Бирок мен бардык категорияларды төмөндөтүүгө каршымын. Мисалы, мас абалында рулга отургандарга 17,5 миң сом айып пул салынганы туура эмес. Ага андан да көп чара көрүш керек. Жарым же бир жылга айдоочулук укугунан ажыратыш керек. Мындан тышкары көчөдө авто жарыш уюштурган бейбаштар бар. Ал атайылап эрежени бузуу болуп эсептелет. Ошондой эле жоопкерчиликтен качуу максатында жасалма номур тагып жүргөндөргө айыптарды жогорулатыш керек”.

“Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде коюлган камераларга соңку бир жылдын ичинде 2 миллиондон ашуун жол эрежесин бузган учур катталган.

Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1,5 миллиард сомдон көп акча төлөшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

XS
SM
MD
LG