Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Өкмөт: Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатат. Мындай демилге Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризис учурунда кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.

“Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап жатат. Биз муну туура кабыл алып, президентибиздин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын айып пулдарын азайтуу ишин жүргүзүп жатабыз. Азыр токтомдун долбоору иштелүүдө. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке сунуш беребиз”, - деди Марипов.

“Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде коюлган камераларга 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган.

Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоочу камералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы жеңүүчү деп аталган. Экинчи бөлүк жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат. Курулуш-монтаждоо иштери 2020-жылдын август айында башталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG