Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына жетекчи болду


УКМКнын башкы имараты.
УКМКнын башкы имараты.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы болуп Салмоорбек Жумабеков дайындалды. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы булактар ырасташты.

Атайын кызмат азырынча расмий маалымат тарата элек. Салмоорбек Жумабеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабековдун уулу. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Орусиядагы чалгын акамедиясын бүтүргөн. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жетекчилик кызматында иштеген.

Ошондой эле Салмоорбек Жумабеков мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деген маалыматтар да бар.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылып, №47 абакта жатат.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд "каралоо" деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG