Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Садыр Жапаров Баткенде аскердик машыгуунун жабылышына катышууда


Баткендеги машыгуулар.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Баткендеги иш-сапарынын жүрүшүндө аскердик машыгуунун акыркы этабына байкоо салууда.

Жапаровдун түштүк региондорго эки күндүк сапары бүгүн башталды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анын алкагында Баткен облусундагы энергетика жана өнөр жай объектилерин кыдырат.

Андан кийин сапар Ош облусунда уланат.

Баткенде «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» деп аталган аскердик машыгуулар 1-апрелде башталган.

Коргоо министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абадда боло турган машыгуулардын максаты – аймактык бийликтердин аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткарышына даярдоо экенин билдирген. Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100дөй автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, 10дой авиациялык техника тартылууда.

XS
SM
MD
LG