Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Расизм: Орусияда манжасынан айрылган кыз жардамга муктаж


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Екатеринбург шаарында жашаган теги кыргызстандык Гуля Белек кызы азиялыктарды жек көргөн адамдын кол салуусуна кабылып, манжасынан ажырады. Кылмышка шектүү катары кармалган адам буга чейин кыргыз кыздын ден соолугуна залал келтиргени маалым болду.

Каргашалуу кеч

Окуя быйыл 8-январдын кечинде болгон. 17 жаштагы Гуля Белек кызы Екатеринбургдагы гүл саткан дүкөндөрдүн биринде флорист болуп иштечү. Адаттагыдай эле ал күнү да кеч кирери менен дүкөндү жаап, үйүнө жөнөйт.

Трамвай менен келип, «Уралмаш» метро станциясынын жанынан түшүп калып, жолду кыскартуу максатында арка аркылуу өтүп кетүүнү ойлойт. Караңгы жерден өтөрдө эки жагын карап, эч ким көрүнгөн эмес экен. Үч ай өтсө дагы Гуля ал кечти эстегиси келбейт. Окуянын чоо-жайын «Азаттыкка» апасы Арзыкан Абдиева айтып берди:

«Аркадан чыгып келатканда артынан бирөө катуу соккон экен. Кызым дендароо болуп, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калат. Абдан чоң, «кортик» деген бычак менен чапканын кийин билдик. Гуля коргонуу максатында дароо сол колун көтөрө калган. Ошондуктан экинчи сокку колго тийгенде, ортоңку манжасы ыргып кеткен».

Апасынын айтымында, ошол маалда аркага машине кирип калган. Гуля колун булгап, жардам сурап, кыйкырып жиберет. Машине токтоп, ичиндеги түгөйлөр чыга калышкан. Кылмышкер бычакты ыргытып жиберип качкан. Бирок автоунаанын фарасы чачкан жарыктан кол салган адамдын өң-келбети даана көрүнгөн.

Арзыкан Абдиева кылмышкердин кармалып, жазага тартышы үчүн көп аракеттенген. Натыйжада Иван Ильин аттуу адам кылмышка шектелип кармалган.

Анын үйүн тинтүүдө бычактын түрлөрү табылганын Екатеринбург шаардык ички иштер башкармалыктын маалымат кызматынын башчысы Валерий Горелых «РИА Новости» агенттигине билдирген.

Учурда Ильин убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Саналуу күндөрдүн ичинде ал психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүлөрү күтүлүүдө. Арзыкан Абдиева Иван Ильинди «акыл-эси ордунда эмес» деп табышып, ооруканага жиберип, андан ары бошотуп жиберишет деп кооптонууда.

"Эркиндикке чыкса эле бул кайра киши өлтүрүүнү улантат", -деген эненин кооптонуусу дагы бекеринен эмес.

Анткени Ильин буга чейин да кыргызстандык кыздарга кол салып жүргөнү маалым болду.

Биринчи курмандык эмес

Екатеринбургдагы жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, дагы бир кыргызстандык Алина (аты-жөнү өзгөртүлдү) лифт менен көтөрүлүп, үйүнүн эшигин ачайын деп жатканда Ильин аркасына жана ичине бычак сайган. 17 жаштагы кыргызстандык кыз бир нече күн комада жатып, эсине келген. Андан соң бир бөйрөгүн алдырууга аргасыз болгон. Кол салуудан Алинанын боору да катуу жабыркаган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Ильин кызды аялдамалардын биринен көрүп калып, артынан автобуска түшүп, үйүнө чейин аңдып барган.

«Екатеринбург Онлайн» порталы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазгандай, Иван Ильин эки кызга тең кол салганын моюнга алган.

Жасалма манжа салуу керек

Ал эми Арзыкан Абдиеванын айтымында, учурда кызынын абалы жакшы. Психологго барып менталдык саламаттыгын да калыбына келтирүүгө аракет кылууда:

«Баарынан жаманы, ошол күнү "Тез жардам" чакырганда келген медкызматкерлер кантип жардам көрсөтүүнү билбей коюшкан. Ооруканага алып барышканда гана аты жогу менен чыпалакты чогуу тигип, гипс салышкан. Ортоңку манжасы толук түшүп, ал жерден кан фонтандай эле атып турган».

Жакында эле Гулянын колуна операция жасалып, Илизаров аппараты коюлду. Аны апрелдин орто ченинде алышат. Ал эми кесилген манжанын ордуна жасалма бионикалык манжа тагуу зарыл. Абдиеванын айтымында, андай жасалма манжа бери дегенде 1,5 миллион рубль турат.

Гуля Белек кызынын жабыркаган колунун рентгенге түшүрүлгөн сүрөтү.
Гуля Белек кызынын жабыркаган колунун рентгенге түшүрүлгөн сүрөтү.

Гуля үч кыздын улуусу, апасы дүкөндө иштейт. Кыргызстандан көчүп кетишкенине 15 жылдан ашып калды. Үй-бүлө Орусиянын жарандыгын алган. Окуя Екатеринбургдун элин нес кылганын, кылмышты орустар дагы айыптап жатышканын айткан Арзыкан Абдиева социалдык тармактар аркылуу элге кайрылып, кызынын манжасын ордуна келтирүү үчүн жардам берүүнү суранууда.

Теги азиялык жамааттарга каршы зомбулукту айыптаган жүрүштөр

Гулянын окуясына дүйнөдө азиялыктарга каршы зордук-зомбулукту айыптаган жүрүштөр күч алганда көңүл бурулду.

16-мартта АКШнын Жоржия штатындагы массаж салондорунда сегиз кишини атып кетишкен. Алардын алтоо азия тектүү америкалык аялдар болгон.

Кыргын азиялык америкалыктардын арасында дүрбөлөңдү пайда кылды. Алар коронавирус пандемиясы учурунда барган сайын көбүрөөк кол салууга кабылып келет.

Бир катар америкалык саясатчылар жана укук коргоочулар муну өлкөдөгү теги азиялык тургундарга карата кастык маанай менен байланыштырышат.

АКШнын президенти Жо Байден теги азиялык жарандарга каршы зордук-зомбулуктун күч алышын айыптап, америкалыктарды ар кандай расалык жек көрүүчүлүккө каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды.

Stop AAPI Hate укук коргоо уюму Атлантадагы окуяны бир гана курмандыктардын үй-бүлөлөрү эмес, жалпы теги азиялык америкалыктар үчүн да «болуп көрбөгөндөй трагедия» экенин белгиледи. Америкадагы бул кылмыштан кийин дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде азиялыктарга каршы расалык зомбулукту токтотууга чакырган жүрүштөр өттү.

XS
SM
MD
LG