Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

Түркиядагы өрт: кыргыз кыздын абалы оор


Түркиянын Измир шаарындагы өрттөнгөн мейманкана.
Түркиянын Измир шаарындагы өрттөнгөн мейманкана.

Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын биринде чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандык мигрант кызга ооруканада каралашып турганга жакындары бара элек. Муну Кыргызстандагы энеси каражаттын жана колдоонун жоктугу менен түшүндүрүүдө. 8-март күнү чыккан өрттө бешинчи кабаттан кулаган кыздын белине операция жасалып, пластик коюлду. Азырынча ага Измирде иштеген журтташтар кол кабыш кылып жатышат.

Өрттө жабыркаган кыргызстандык 24 жаштагы кыз учурда Измир шаардык Тепежик ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Ооруканадагы дарыгерлер бейтаптын жалпы абалы тууралуу кыска гана маалымат берүү менен чектелишти:

- Бейтапдын абалы туруктуу. Белине ийгиликтүү операция жасалды. Азыр өзү тамак жей алат, дем алат. Тез арада жанына ага караша турган жакыны керек.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин кырсыкка кириптер болгон кыз тууралуу жакындарына айтылганын мурдараак маалымдаган. Ошондой эле Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу өрткө кабылган кыргызстандык кызга байланыштуу Измирдин жергиликтүү укук коргоо органдары жана кыздын үй-бүлөсү менен маалымат алмашып жатканы кабарланган.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Бейтап мигранттын жакындары азырынча Измирге келе элек. Апасы Бактыгүл кызынан толук, ыкчам кабар ала албай, жетейин десе каражат таба албай Бишкекте беймаза абалда жүргөнүн "Азаттыкка" кабарлады:

- Бүгүн кечке Тышкы иштер министрлигине, түрк элчилигине барып эч кандай маалымат ала албадым. Жардам берейин деген бирөө да жок. Билет алганга каражатым жок, азыр кызыма кантип жетип барышымды билбей отурам.

Бактыгүл кызынын бешинчи кабаттан кулап кеткенин Интернетте кеңири таратылган видеотасма аркылуу көргөн. Ал мейманканага кантип барып калганын айтып берди:

- Былтыр 18-декабрда кеткен, Измирге. Ошол өрттөнгөн мейманканада "кара жумушта иштейм" деп айтчу. Мен 7-марттан баштап кызым менен байланыша албай кыйналып, кийин Интернеттеги кабарлардан окуп билдим.

Азырынча ооруканадагы кыргызстандык кыздын расмий эмгек визасы бар-жогу белгисиз. Болгон документтери, кийим-кечеси имараттын ичинде калып, өрттөнүп кеткени кабарланды.

Түркияда жашап, эмгектенип жаткан адвокат Заирбек Малашевдин айтымында, Түркиянын мыйзамдарына ылайык кыздын укуктук жагдайлары соттук териштирүүдөн кийин гана аныкталат:

Заирбек Малашев.
Заирбек Малашев.

- Эгер бейтап мыйзамсыз иштеп жүргөн болсо, анда ооруканадагы бардык чыгымдарды өзү төлөшү керек болуп калат. Ал эми расмий түрдө эмгек визасы менен иштеп жатса, анда иштеген жери жана мамлекет чыгымдарын өз мойнуна алууга милдеттүү. Мунун баары эми тергөөдөн кийин белгилүү болот. Иш сотко жеткенде жабыркагандардын баарын суракка алса керек. Кыргызстандык кыз эмне деп айтат, ошого жараша укуктук жагдайлар өзгөрүшү мүмкүн.

Мейманканадагы өрттөн төрт киши жабыркап, алардын үчөө эмгиче ооруканадан чыкты. Ал эми оор жараат алган кыргызстандык мигрант кыздын саламаттыгын мамлекеттик оорукананын дарыгерлери көзөмөлдөп жатышат.

Өрттөнгөн Алижан мейманканасы акыркы жолу 2010-жылы жаңыланган. 73 бөлмөсү болгон бул мейманкана учурда толугу менен иштен чыккан. Мейманкана жалпысынан өрттөн 526 миң долларлык зыянга учураган. Алижан мейманканасында чыккан өрт жана өрттөн улам бешинчи кабаттын терезеси аркылуу кулаган кыз чагылдырылган видеотасма социалдык түйүндөрдө кеңири тарап, кийинчерээк Тышкы иштер министрлиги ал Кыргызстандын жараны экенин бышыктаган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG