Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Садыр Жапаров июнь коогасын иликтеп чыгууну УКМКга тапшырды


 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик. Ош шаары. 10-июнь, 2019-жыл.
2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик. Ош шаары. 10-июнь, 2019-жыл.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын өкүлү Айнура Эргешова "Азаттыкка" билдирди.

«Президент 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болгон, адамдар жарадар болуп, жабыркаган кайгылуу июнь окуяларын иликтөөнү УКМКга тапшырды. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу толук маалымат берүү жана мыйзамдуулукту сактоо тапшырмасы берилди».

2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы, 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19унун дагы эле изи чыга электиги айтылып келатат. Башкы прокуратуранын буга чейинки маалыматына ылайык, 2010-жылкы июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш иши козголгон.

Анын ичинен 360 иштин бети ачылган. Мунун 319у сотко жөнөтүлүп, 511 кишиге айып тагылган. 3919 иш убактылуу жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда иликтөө баскычында турган кылмыш иштери жок. (MiK)

XS
SM
MD
LG