Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Нур уулу: Чек ара эки өлкө башчылары кол койгондон кийин гана чечилет


Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош облусу.

Чек ара толук чечилиш үчүн эки өлкөнүн парламенттери ратификациядан өткөрүшү керек. Ага президент кол койгондо гана күчүнө кирет. Коомдук ишмер Досбол Нур уулу мындай пикирин 2-апрелде Азаттык радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.

“Отуз жылдык тарыхыбызда башыбыздан көп нерселер өттү. Кошуна мамлекеттер менен мамилебиз бийликтин жүргүзгөн саясатына жараша болду. Азыр макулдашып жаткан документтердин бардыгы мыйзамдуу болушу керек. Аягында президенттер кол коюшу абзел. Ал эки президенттин ынтымагына жараша болот”.

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан. Ал кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин айткан.

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери 1-апрелде ачылды. Бул бекеттен жеңил автоунаалар жана кичи автобустар (20 орунга чейин) өтө алат. Жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө чектөө коюлган.

Ошондой эле Өзбекстан «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кең-Сай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөй болгону кабарланган. Кийин ал пункттар да ачылары айтылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG