Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Орусияда өрт чыккан имаратта дарыгерлер бейтапка операция жасашты


Благовещенск шаарындагы оорукананын өрт чыккан чатыры. 2021-жыл, 2-апрелде
Благовещенск шаарындагы оорукананын өрт чыккан чатыры. 2021-жыл, 2-апрелде

Орусиянын Благовещенск шаарында дарыгерлер имаратта өрт чыкканына карабастан бейтапка операция жасашты. 2-апрелде жергиликтүү Кардиохирургия борборунун имаратынын чатырында өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктан улам оорукананын имаратынан 120 киши шашылыш чыгарылган. Бирок тилсиз жоо каптаган имаратта сегиз дарыгер бейтаптын жүрөгүнө операцияны токтоткон эмес. Операция ортолоп, бейтаптын ичи ачылып калгандыктан, мындай учурда операцияны үзгүлтүккө учуратуу мүмкүн эмес болгон. Ошондуктан, өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп жаткан маалда дарыгер операция улантышкан.

Шаардык саламаттык сактоо мекемесинин маалыматы боюнча, операция ийгиликтүү аяктап, бейтап Амур облустук ооруканасына жеткирилди. Ал эми өрт толук өчүрүлдү. Учурда тилсиз жоонун себептери жана чыгымы аныкталууда.

XS
SM
MD
LG