Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Бөрүбаев: Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча толук макулдашуу жүрдү 


Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев мындай маалыматты 2-апрелде Азаттык радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди.

“Чек араны кантип чечүүнүн жолун аныктап алдык. Эми ошонун негизинде ишке ашырсак болот. Комиссия жер-жерлердеги адистер менен изилдеп, тактап чыгып, анан жумуштарды аткарышыбыз керек. Эгер биз жакшы иштесек чек араны чечүү иштери өз учурунда бүтүшү мүмкүн”.

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан.

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери 1-апрелде ачылды. Бул бекеттен жеңил автоунаалар жана кичи автобустар (20 орунга чейин) өтө алат. Жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө чектөө коюлган.

Ошондой эле Өзбекстан «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кең-Сай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөй болгону кабарланган. Кийин ал пункттар да ачылары айтылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG