Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:36

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдум өткөрүү үчүн 6 907 400 бюллетень даярдалды. Мунун 6000ден көбү көзү азиздер үчүн Брайль арибинде түзүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бюллетендерди аймактардагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине жөнөттү.

Референдум өткөрүү үчүн көгүш түстөгү бюллетень, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого түсү жок бюллетень колдонулат.

БШКнын маалыматына ылайык, бюллетендердин коргоо белгилери жогорку сапатта даярдалган. Автоматтык эсептөөчү урна ар бир бюллетенди таанып, окуш үчүн ага коргоочу атайын боёк сүртүлөт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да өтөт. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. (MiK)

XS
SM
MD
LG