Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети ачылды


Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” бекети.

Жума күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрмө бекети расмий ачылды. Ага Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен казак өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.

Бул чек ара бекети былтыр коронавирус коркунучунан улам эки тараптуу жабылган.

Казакстанга жол тарткан жүргүнчүлөр казак тараптагы эпидемиологиялык абал менен чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт. (MiK)

XS
SM
MD
LG