Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

COVID-19: Кыргызстан катаал чектөөгө кайтууну көздөй элек


Кыргызстанда катаал чектөө киргизилген учурда тартылган сүрөт. 2020-жыл, апрель.
Кыргызстанда катаал чектөө киргизилген учурда тартылган сүрөт. 2020-жыл, апрель.

Коронавирустун жайылышынан улам Кыргызстан кайрадан катаал чектөө чараларын киргизүүнү көздөгөн жок. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам-штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Новиков былтыркыдай экономикалык ишмердүүлүккө биротоло чектөө киргизүү планда жоктугун белгиледи. Бирок оорунун ыктымалдуу кесепетине даяр туруу зарылдыгын айтып, коопсуздук чараларына олуттуу көңүл бурууну, санитардык талаптарды аткаруу керектигин кошумчалады.

Өкмөтүн маалыматына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаары менен Чүй облусунда бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча орундарды уюштуруу, оорунун үчүнчү толкунуна байланыштуу түшүндүрүү иштерин жандантуу тапшырылды. Ал эми Финансы министрлигине дары-дармектер менен медициналык жабдууларды сатып алууга каражат камдоо жагы жүктөлдү.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында коронавирус жуккандар аныкталып, эки айлык катаал карантин киргизилген. Илдет июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында көз жумгандар катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган. Марттын этегинде илдет кайрадан көбөйдү, бул үчүнчү толкун катары мүнөздөлүүдө. Коронавирус жуккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалдан улам санитардык көзөмөлдү күчөтүп, 1-апрелден тартып Соода борборлорундагы балдардын оюн-зоок аянтчалары эки аптага жабылды.

Борбор калаада 1,2,3,4,5,9,11-класстардын окуучулары мектепке барып окуп жатышат. Ал эми 6,7,8,10-класстар онлайн окутуу ыкмасында билим алышууда. Бала бакчаларга мектепке даярдоо тайпалары жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары эле барууда. Калган аймактардагы билим берүү мекемелеринде Бишкектегидей катаал чектөө жок.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 2-апрелге карата илдет жуккандардын расмий саны 88 700гө жетип, алардын 88 миңдейи сакайды. Илдет 1,5 миң бейтаптын өмүрүн кыйды. (SE)

XS
SM
MD
LG