Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы бар-жогу изилденип жатат


Иллюстрациялык фото.
Иллюстрациялык фото.

Кыргызстан коронавирустун жаңы штаммдары бар-жогун чет элдик өнөктөштөрү менен изилдеп жатат. Алгачкы маалыматтар вирустун жаңы штаммдары бар экенин көрсөтүүдө. Учурда коронавирустан абалы оорлоп кеткендер көбөйдү.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын 1-апрелдеги маалыматына караганда, азыр ооруканаларда жаткан 500дөй адамдын көбүнүн абалы оор.

Кыргызстанга жаңы штамм келдиби?

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысы Айгүл Жумаканованын айтуусунда, учурда коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча 12 мамлекеттик жана 4 жеке менчик лаборатория иш алып барууда. Кыргызстандын лабораториялары жаңы штаммдарды аныктай албагандыктан анализдер Улуу Британияга жана Орусияга жөнөтүлөт.

Ушул жылдын январь айында Британиядагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун лабораториясына жөнөтүлгөн 20 анализден дүйнөнүн башка мамлекеттеринде жүрүп жаткан коронавирустун жаңы түрүнө окшош штаммдар Кыргызстанда бар экени аныкталган.

Айгүл Жумаканова
Айгүл Жумаканова

“Быйыл жыл башынан бери үчүнчү жолу штаммдарды изилдөө боюнча иш алып бардык. Январь айында 20 үлгү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун лабораториясына жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы келди. Ага ылайык бүгүнкү күнү Кыргызстанда бир нече мамлекетте күчөп жаткан коронавирустун штаммдары бар”,- дейт Айгүл Жумаканова.

Февраль айында да саламаттык сактоо министрлигинде Орусиядан келген вирусологдор менен чогуу коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча чаралар иштелип чыгып, орусиялык вирусологдор беш үлгүнү ала кеткен. Айгүл Жумаканованын айтуусунда, ал анализдер дагы вирус мутация болгонун тастыктады жана ага байланыштуу алгачкы маалыматтар келип түштү:

“Ошондо орусиялык вирусологдор беш үлгүнү Москвага алып кеткен. Беш үлгүнү терең изилдөө жүрүп жатат. Божомол менен мутация болуп жатат деген алгачкы маалымат берилип жатат. Бирок, кайсы штамм экенин айта албайбыз”.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргызстандын өзүндө коронавирустун жаңы штаммдарын аныктаган лабораториялар болушу зарыл деп эсептейт:

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

“Бул суроо пайда болгондон кийин мен атайын анализдерди жасадым. Чет мамлекеттерде канча турат, адистерди дайындоо кыйынбы дегендей. Менимче, анча деле кыйын эмес. Жөнөкөй аппараттар 24 миң доллардан, кымбат аппараттар 50 миң доллардан. Ар бир жаран өзүндө кандай штамм бар экенин аныктоо үчүн чөнтөгүнөн төлөсө деле мамлекетке алып беришибиз керек. Казакстандык досторума кайрылганда аларда штаммдарды ыкчам, кайсы түрүн болбосун аныктаган система пандемия башталганда эле коюлуптур".

Эмдөөдөн чочулоо күч

Коронавирус илдетине каршы эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталды. Биринчи болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын "SinoPharm" компаниясы чыгарган вакцинаны сайдырды. 100 медицина кызматкери эмдөө боюнча окуудан өтүп, эки ай ичинде бардык аймактарга жетээри болжолдонууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун антителосу бардыгын, эмдөө алса реакция жүрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Премьер-министр Улукбек Марипов да коронавирус менен ооруп, антителосу болгондуктан эмдөөдөн азырынча өтпөй турганы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлаган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев алгач бийлик башындагылар эмдөөдөн өтпөсө эл баш тартып коюшу мүмкүн деп эсептейт:

“Эмдөөнү мамлекеттик деңгээлге уюштуруп, эбегейсиз маанилүү иш-чара катары көрүп, элди мобилизациялап, калктын 70 пайызын эмдей турган мүмкүнчүлүк түзө албасак анда бул миллиарддаган акча шамалга ыргытылган барактай болуп калат. Медиада эмдөө боюнча күн сайын жакшы да, жаман да кабарлар таркап жатат. Ошондуктан элге туура түшүндүрүп, өкмөт мүчөлөрү, андан кийин депутаттар эмдөөнү өзүнөн баштабаса, күн сайын чыгып жаткан тескери маалыматтар элдин үрөйүн учуруп, эмдөөгө каршы болуп коюшу мүмкүн”.

Вакцинага акча жок экени белгилүү болду

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 1-апрелде өткөн өкмөт жыйынында Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөдөн кечигип жаткан жалгыз мамлекет экенин айтып, вакцина сатып алуу үчүн башка каржы булактарын издештирүүнү тапшырды.

"Бүгүнкү күндө «Спутник V» кечигип жатат. Эки айдан кийин июнь айында келээри болжолдонууда. Бирок, сыртта оору күтүп турган жок, көбөйүп жатат. Даяр болушубуз керек, каражат жагын карап чыккыла. Кайтарымсыз келчү акчаны карап отурбай, каражат издейли. Ооруй элек жарандар кайсы дарыны кааласа, ошону алып келели”, - деди Марипов.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшенбаев өкмөт жыйынында 1-апрелге карата Кытайдын “SinoPharm” вакцинасы менен болгону 400 адам эмдөөдөн өткөнүн билдирди. Министр Орусиянын «Спутник V» вакцинасын алып келүү үчүн Финансы министрлигинен 250 миллион сом сураган.

Алымкадыр Бейшеналиев Орусияда жашаган мигранттардын, бизнесмендердин акчасына «Спутник V» алып келүүгө өкмөт башчы уруксат бергенин да "Биринчи радиодогу" түз эфирде айтты.

Кыргызстанда Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кытайдан 19-мартта келген. Кыргызстан менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүсү менен Кыргызстанга 500 миң доза «Спутник V» вакцинасын май айларында алып келүү боюнча макулдашылганы айтылган.

1-апрелден баштап Кыргызстандын мектептеринде IV чейрек башталды. Өлкө боюнча Бишкек шаарынан башка дээрлик бардык аймактарда мектептер толук иштеп жатат. Бишкек шаарында 6-7-8-10-класстын окуучулары азырынча онлайн форматта билим алууда. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова мындай деди:

“Эки жума күнүгө мониторинг жүргүзүлөт. Эгер эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болсо, жергиликтүү штабдын чечими менен да 4-класс мектепке бара баштайт”.

Эгер мурда мектептердеги окууну токтотуу же токтотпоо чечимин министрлик кабыл алса, бул жолу эпидемиологиялык кырдаалга карап, чечим кабыл алуу укугу жергиликтүү бийликке берилди.

Бишкек мэриясы 1-апрелден тартып соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттарын эки жумага жапты. Вице-мэр Айжан Чыныбаева 30-марттагы брифингде балдар аянтчаларын жабуу чечими эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканада жаткандардын 4,7% абалы өтө оор деп бааланды. Үч күн мурда бул көрсөткүч 3,5% болчу. Азыр ооруканаларда 504 бейтап жатат, алардын экөөнүн гана абалы канааттандырарлык. Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG