Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Дүйнө коронавирустун "үчүнчү толкуну" менен алышууда


Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды, 29-март, 2021-жыл
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды, 29-март, 2021-жыл

30 миллион калкын эмдөөгө жетишкен Британияда карантиндик чектөөлөр жеңилдетилди. Ал эми Германия коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышынан кооптонуп турат. Эмдөөгө карабастан АКШда, Бразилияда вирус жугузгандар менен илдеттен каза болгондор дале көп.

Улуу Британияда 29-марттан тартып карантиндик чектөөлөр жеңилдетилип, таза абада алты кишиге чейин чогулуп, спорт менен машыгууга уруксат берилди.

Ошол эле кезде премьер-министр Борис Жонсон Европанын башка аймактарында коронавирус жугузгандар көбөйүп, COVID-19дун улам жаңы түрлөрү пайда болуп жатканын белгилеп, көпчүлүктө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

«Бүгүнкү жеңилдиктерге карабай ар бир адам эрежелерди сактап, мурункудай эле колду тез-тез жууп, беткап тагынып, аралыкты сакташы керек. Эмдөөгө чакырган учурда сөзсүз барыш керек».

Жонсон экономиканы калыбына келтирүүнүн жана мурункудай жай турмушка кайтуунун башкы жолу – вакцина экенин белгилеген.

Өткөн жумада Улуу Британияда «AstraZeneca» жана «Pfizer/BioNTech» вакциналарынын биринчи дозасын алгандардын саны 30 миллиондон ашты.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркель «өлкө пандемиянын оор фазасынан» өтүп жатканын белгилеп, карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүүгө караманча каршы чыгууда.

Меркель жугуштуу илдеттин жайылышын кескин түрдө чектебесе, азыркы вакциналардын күчү жетпеген коронавирустун жаңы түрлөрү пайда болушу мүмкүн деген кооптонуусун ARD телеканалындагы маегинде билдирген.

«Бизде чукул токтоткучту колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Тилекке каршы, аны бардык жерде колдонбой жатышат. Алар муну ойлонуп жасап жатса керек. Мен болсо, 100 миң киши оору жугузуп жатса, четте карап тура бербейм».

Германия Италия, Франциядагыдай эле коронавирус күнүнө 20-40 миң кишиде аныкталып жаткан өлкөлөрдүн катарында.

Анткен менен экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн бир катар аймактар карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетип коюшкан. Ошол эле маалда өлкөдө эмдөө иштери салыштырмалуу солгун жүрүүдө. 28-мартка карата Германияда калктын 10 пайыздан ашууну вакцинанын биринчи дозасын алышканы кабарланган. Бул Израиль, АКШ жана Британиядагы көрсөткүчтөргө караганда алда канча төмөн.

Дүйнөдө оорунун жайылышы жана илдеттен каза болгондордун көрсөткүчү боюнча АКШ сап башында турган өлкөлөрдүн бири. Дем алыш күндөрү коронавирус АКШда 65 миңдей адамда аныкталап, бир күндө 770 адам оорудан каза болду.

Ал эми Бразилияда бир күндө коронавирус аныкталгандардын саны 100 миңдик чектен ашкан. Өлкө бийлиги өзгөчө жугуштуулугу менен айырмаланган коронавирус түрү жайылып жаткан чакта элди четинен эмдөө менен алпурушууда.

Латын Америкасынын дагы бир мамлекети – Чили коронавируска байланыштуу карантин жарыялады. Дээрлик 19 миллион адам жашаган бул өлкө да тез жайылган коронавирус түрүнөн жапа чегүүдө. Ошол эле учурда Чили жалпы континентте эмдөө жаатында алдыңкы сапта баратат. Январдан тартып ал кытайлык “Синовак” вакцинасын колдоно баштаган. Эми Чилидеги элдин дээрлик үчтөн бири жок дегенде биринчи жолку эмдөөдөн өттү.

Эпидемиологиялык абалдан улам Чилинин президенти Себастьян Пинера Конгрессти Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жараянды токтото турууга чакырарын билдирди.

Карантиндик чараларды күчөткөн өлкөлөрдүн катарына Австралия да кошулду. Эки миллион калкы бар Брисбен шаары коронавирустун жаңы түрү жети адамда аныкталган соң катаал карантинге алынды.

Орусияда коронавирус бир күндө 9 миңдей адамда аныкталып, өлкөдө вируска чалдыккандар жарым миллионго чукулдап баратат. Расмий 97 404 адам өлүмү катталган.

Жапонияда да бир күндө коронавирус 9 миңдей адамда аныкталып, илдетке чалдыккандар 460 миңден ашты.

Индияда болсо, COVID-19 кайрадан күч алып, бир күндө кеминде 60 миң киши жугузуп, жалпы ооругандар 12 миллионго чамалады.

Ал эми Борбор Азия чөлкөмүнө кайрылсак, Казакстанда дем алышта бир күндө вирусту жугузуп алган адамдардын саны бир жарым миңден ашканы, 22 киши илдеттен каза тапканы кабарланды. Коронавирус лабораториялык негизде тастыкталгандардын саны 29-мартка карата 241 873 адамды түздү. Пандемия башталган былтыркы 13-марттан бери бул инфекциядан 3014 адам каза тапты деп айтылат расмий маалыматтарда.

Өзбекстанга Кытайда жасалган кытай-өзбек ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын 1 миллион дозасы жеткирилди. Ташкентте сегиз жогорку окуу жайында мугалимдер менен студенттерде илдет аныкталып, 1-апрелден тартып кайрадан аралыктан окутууга өтүү чарасы каралууда. Ташкенттин үч районунда орто мектептер толук жабылган. Ошондой эле ушул жумада той, үй-бүлөлүк мааракелерге чогулууга чектөө киргизилгени турат. Өлкөдө оору жугузгандар 82 340ка жетип, 626 адам өлүмү катталган.

Тажик бийлиги болсо, тойдо 100 кишиге чейин чогултууга уруксат бергени жарыяланды.

Түркмөн бийлиги дагы 1-апрелден тартып Ашхабаддагы кафе-ресторан, дүкөн жана соода түйүндөрүнүн ишине уруксат берген. Карантиндик чектөөлөр аймактарда да алынууда.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны 127 миллионго жетти. Жалпы 2 миллион 700 миңден ашуун бейтап бул илдеттен каза болду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG