Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Байтерек: Президент Жапаров коронавируска каршы вакцина сайдырбайт


Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина албайт. Бул тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттиги президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерекке таянып жазды.

Галина Байтеректин айтымында, мамлекет башчыда вируска каршы антитела иштелип чыккандыктан дарыгерлер эмдөөнүн кажети жоктугун билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жарандар вакцинанын коопсуз экенин түшүнүү үчүн алгач коронавируска каршы эмдөөнү өкмөт башчы Улукбек Марипов, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана депутаттар алышы керектигин билдирген.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштаганы жатат. Алгачкылардан болуп вакцинаны министр Алымкадыр Бейшеналиев алат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Бул вакцина менен азыркыга чейин 65 өлкөдө 12 миллион адам эмдөөдөн өттү.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза тапты. (TSh)

XS
SM
MD
LG