Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Депутат уурулуктун тыйылбай жатышын сындады


Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаты Дастан Бекешев өлкөдө уурулук күч алганын белгилеп, өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мындай пикирин бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Уурулук күч алганын билесиңерби? Колу туткактар көзөмөл камераны көзгө илбей калышты. Түн катып, эч кимден коркпой үйлөргө кирип жатышат. Укук коргоо органдары ушул көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн ордуна барабан урган жарандык активисттердин ишин аңдып жүрөт. “Фейсбукта” ачык пикирин айткандарды абакка отургузуп, ууруларды түрмөдөн чыгарып жатышат”, - деди депутат.

Кыргызстанда акыркы айларда майда уурулук, үйлөрдү, автоунааларды тоноп кетүү фактылары көп катталууда.

2020-жылы уурулук боюнча 12 222 кылмыш катталып, сотко чейинки териштирүү иштери болгон. Анын 6495и, тактап айтканда 53% бети ачылган. Кылмыштын бул түрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эң көп орун алган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, уурулук кылмышынын бир нече түрү бар. Маселен, 2020-жылдын ичинде уурулук боюнча жоруктардын 4745 учуру катталган. Кылмыштын бул түрүнө 10 миң сомго чейинки буюм-тайымдарды уурдаган фактылар кирет. Мындан тышкары үй уурулук боюнча бир жылда 449 учур катталып, анын 231инин бети ачылган. Ал эми чөнтөк уурулар боюнча 2335 учур жана мал уурулук боюнча 1172 арыз түшкөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG