Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Колу туткактардын азабы жанга батты


Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы айларда майда уурулук, үйлөрдү, автоунааларды тоноп кетүү фактылары көп катталууда. Адистер муну коронавирус коркунучунан улам башталган карантин шартында жумушсуздуктун күч алышы менен байланыштырып жатышат. Мындан тышкары экономикалык кризистин да эпкини себеп болушу мүмкүн.

Бишкек шаарынын тургуну Керез Исабаева 200 миң сомдук зер буюмдарын ууруларга алдырып жиберген. Окуя бир ай мурда болгон.

“Уурулар биздин үйгө чак түштө киришкен экен. Түшкү саат бирлерде үйдү бекитип кеткенбиз. Үч-төрт саатка жок болдук. Уурулар эшикти ачып, шашпай кириптир. Кичинекей сейф бар эле. Аны сарайга алып барып талкалашыптыр. Ичинде 500 сомдой эле акча бар болчу. Андан кийин үйдөгү сандыкчага салып койгон алтын шакек, сөйкө, чынжырчаларымды көтөрүп кетишкен экен. Кымбат болчу. Болжолдуу 200 миң сомдун зер буюмдары эле. Мындан башка да колго илинген буюмдарды көтөрүп кетишкен экен”.

Исабаева окуя болгон күнү эле милицияга арыз жазган. Тартип сакчылары ага арыз жаздырып алганы менен уурулар табылган жок дейт ал.

“Кошуналарың болушу мүмкүн дешти. Анда аларды текшерип көрбөйсүңөрбү десек деле майнап чыккан жок. Алтындарың табылбайт деп ачык эле айтышты. Жалпылап айтканда биздин милиция ууруларды табууга келгенде алсыз экен”.

Бишкекте акыркы үч-төрт айда майда уурулук күч алды. Шаардык милиция батирлерге уурулар кирген бир нече фактыларды жарыялап жатат. Мындан башка ээн калган автоунаалардын терезесин талкалап, айдап кеткен фактылар ондоп саналат.

Бишкектеги Көлмө жаңы конушунун көчө башчысы Болот Алибеков эки күндүн ичинде көчөдөгү жети кудуктун капкагын ууруларга алдыртып жибергенин айтууда.

Жолдун астынан өткөн арыктардагы жаан өткөрүүчү торчолордун бош калган орду. Бишкек.
Жолдун астынан өткөн арыктардагы жаан өткөрүүчү торчолордун бош калган орду. Бишкек.

“Ушу кантип болсун? Бул “акмакчылык” да, - деди ал. - Үйлөргө кирген уурулар толтура. Муну кантип токтотуш керек? Көзөмөл видео камераларды ортонуп көрдүк. Бирок беткап тагынып алып аларды биринчи талкалашат экен. Уурулар иттен да коркушпайт. Эшикти бир заматта ачышат. Жакында эле биздин көчөдөн эки үйдү тоноп кетишти. Колуна илингенин алышыптыр. Эки жыл мурда менин үйүмө да уурулар кирген. Эч нерсе калтырбай тоноп кеткен. Кармалган жок. Ууру алыстан келбейт да. Алар көпкө чейин аңдып план түзүшөт экен. Качан үйдө эч ким жок болуп калганда, бир заматта тоноп кетишүүдө. Милиция деле учурунда келет. Бирок мен ууруну кармаган милицияны жолуктура элекмин”.

Милиция кылмыштуулуктун эң оор түрү катары уурулукту белгилейт. Эгер ууруга кирген адам үй ээси менен бет келишип калса кол салгандан артка тартпай дешет.

Кылмыштын жарымынын гана бети ачылат

2020-жылы уурулук боюнча 12 222 кылмыш катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери болгон. Анын 6495и, тактап айтканда 53% бети ачылган. Кылмыштын бул түрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эң көп катталган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, уурулук кылмышынын бир нече түрү бар. Маселен, 2020-жылдын ичинде уурулук боюнча жоруктардын 4745 учуру катталган. Кылмыштын бул түрүнө 10 миң сомго чейинки буюм-тайымдарды уурдаган фактылар кирет. Мындан тышкары үйгө кирген уурулук боюнча бир жылда 449 учур катталып, анын 231инин бети ачылган. Ал эми чөнтөк уурулар боюнча 2335 учур жана мал уурулук боюнча 1172 арыз келип түшкөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бети ачылбай калган кылмыш иштери тууралуу кеңири токтолду.

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

“Ар бир факт боюнча иликтөө иштери жүрөт. Алардын ичинен жоопкерчиликке тартылган учурлары да көп. Бирок кылмыштын бети ачылбай калган учурлар да бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Бети ачылбаган кылмыш иштери жалпы жыйында көтөрүлүп, анын кесепети талкууланат. Кошумча тапшырмалар берилет. Жарандарга кайрылуу жасайбыз. Профилактикалык иштер тынымсыз жүрөт. Уурулук – бул өзгөчө оор кесепеттүү кылмыштардын түрүнө кирет. Анткени ууруну кармап калууга аракет кылганда алар сөзсүз каршылык көрсөтөт. Айрым учурларда мүлк ээсине кол салып, өлтүрүп койгон фактылар да жок эмес. Уурулар изин жашырып кеткенге аракет кылышат”.

Экономика тармагы боюнча эксперт Кайрат Итибаев уурулуктун торунан чыгуу жолун сунуштады.

“Жумушсуздук күчөп жатат. Азык-түлүккө баа күндөн күнгө өсүүдө. Мындай шартта майда уурулук күч алат. Кризисте бул боло турган көрүнүш. Дагы күчөшү мүмкүн. Муну ооздуктоонун жолу бар. Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүп, убактылуу жумуш орундарын түзүү керек. Бул иш-чара массалык түрдө орун алышы шарт. Маселен көчө шыпырып, тазалоо, оңдоп-түзөө, арыктарды тазалоо өңдүү эки айдан баштап алты айга чейин убактылуу жумуштар. Биз ушундай эле ишти 2010-жылы жүзөгө ашырганбыз. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен 8 млн. сомдук долбоор менен 1500 кишини күнүгө 500 сомдук иш менен камсыздадык эле. Мындай иш уурулукту ооздуктоонун бирден-бир жолу”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 2020-жылга карата 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда болсо ишсиздердин катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт.

Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө бери дегенде бирден киши жумушсуз калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG