Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн чоо-жайы териштириле баштады


Бишкек шаардык милиция Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүн иликтеп-териштире баштады.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, Ленин райондук милиция бөлүмү иликтеп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

-Экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгына жараша толугураак маалымат кийин берилет,- деди Жумаков.

Баштапкы кабарларга ылайык, Шакиров 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып, ийне сайдыргандан кийин көз жумган.

Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова "Фейсбуктагы" баракчасына маркумдун жакындарына шилтеме кылып ал COVID-19 илдетине каршы вакцина алганын жазган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты төгүндөп, маркумдун аты-жөнү эмдөөдөн өткөндөрдүн реестрине катталбаганын билдирген. Министрликте өлүмдүн чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Шакировдун көз жумганын "Азаттыкка" ырастап, бирок вакцинага байланыштуу комментарий берген эмес.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 88 миңден ашып, өлгөндөр 1500ге жетти. (SE)

XS
SM
MD
LG