Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Ташиев уулунун шаардык кеңешке талапкер болгонун кубаттады


Тай-Мурас Ташиев жана Камчыбек Ташиев.
Тай-Мурас Ташиев жана Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уулу Тай-Мурас Ташиевдин жергиликтүү шайлоого катышып жатканын кубаттады. Ал 30-мартта Өзгөндө эл менен жоолуккандан кийин «Азаттык» радиосунун кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып "Балама ийгилик каалайм. Эгер ал Жалал-Абад шаарына депутат болуп, эл-журтка кызмат кылса мен кубанаар элем", -деп айтты.

27 жаштагы Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан катышып жатат жана тизмеде 29-орунда турат.

Тай-Мурас Ташиев "Томас жана Ко" жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчисинин орун басары. Ал ачык булактарда ошондой эле жоопкерчилиги чектелген «Мока Групп» коомунун негиздөөчүсү, «Дени сак Кыргызстан», коомдук бирикмесинин жетекчиси, «Академия футбола имени Каныбека Ташиева» коомдук фондунун негиздөөчүсү экени көрсөтүлгөн.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы шайлоого алгач ирет катышып жатат. Ал өлкө боюнча эң көп - 21 шаарда талапкерлерин көрсөткөн жалгыз партия.

31-марта Оштогу тогуз партиянын бешөө шайлоо өнөктүгүндө бул партия административдик ресурс колдонуп, добуштарды сатып алып жатканын айтып президентке кайырылышкан. "Ата-Журт Кыргызстан" дооматтарды четке каккан. Алардын билдирүүсүн партиянын өкүлү «далилсиз» деп сыпаттады. Камчыбек Ташиев бул партия ага таандык экени тууралуу маалыматтарды төгүндөгөн. (DU)

XS
SM
MD
LG