Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Беларуста 2024-жылдын июлунан бери 569 саясий туткунга мунапыс берилди


13-декабрда Беларуста саясий туткун Мария Колесникова абактан бошотулган.
13-декабрда Беларуста саясий туткун Мария Колесникова абактан бошотулган.

Беларуста 2024-жылдын июлунан бери мунапыс жарыялоонун негизинде 569 саясий туткун бошотулду. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирип, эсептеп чыкты. Маалыматка ылайык, 2025-жылы АКШнын ортомчулугу менен 342 адам мунапыска чыккан.

Укук коргоо борборунун маалыматына караганда, 2025-жылы мунапыс берилген 189 саясий туткун Беларустан мажбурлап чыгарылган. Алардын бири саясатчы Николай Статкевич өлкөдөн чыгып кетүүдөн баш тарткан. Андан көп өтпөй ал кайрадан колонияга кайтарылган. Статкевич 2021-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.

Укук коргоочулар мындай «өлкөдөн чыгып кетүү шарты менен бошотуу» ыкмасын саясий басым көрсөтүүнүн жаңы куралы деп атап, бул чечим Беларустун Конституциясына каршы келерин белгилешет.

13-декабрда Беларуста саясий туткун, 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Мария Колесникова, укук коргоочу, Нобелдин 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий, президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан оппозиционер саясатчы Виктор Бабарико эркиндикке чыккан. Үчөө тең 2021-2023-жылдары 10-14 жылга кесилген.

2020-жылдагы шайлоодо оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү камакка алынган. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен.

Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко быйыл январда өткөн шайлоого да катышып, президент болуп жетинчи жолу жарыяланган.

Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG